2022-жылдын 6-7-июнунда «Ош» эл аралык аэропортунда 14 жаштан 17 жашка чейинки Ош облусунун Араван районуна караштуу  С. Шарипов атындагы орто мектептин 24 окуучусу жана жана Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу А.С. Пушкин атындагы мектептин 22 окуучусу үчүн кесиптик багыт берүү экскурсиясы болуп өттү. 

Бул экскурсияны «Манас» эл аралык аэропорт» ААК ОФ «Прогресс-Араван» коомдук фонду менен биргеликте балдарды авиациялык мекеменин ишмердүүлүгү менен  тааныштыруу үчүн уюштурган.

Экскурсиянын жүрүшүндө «Ош» аэропортунун кызматкерлери жана авиакомпаниялардын өкүлдөрү мектеп окуучуларын авиациянын негизги кесиптери менен тааныштырып, заманбап аэропорттун иши кандай жүрүп жатканын айтып беришти.

Алар жүргүнчүлөрдү ташуу кызматына барышып, терминалда жүргүнчүлөрдү тейлөө процессин, жүктөрдү тейлөө системасын көрүп, аэродром кызматынын, анын ичинде орнитологиялык кызматтын, авариялык өрткө каршы кызматтардын, аэродромдун атайын техникасы жана жабдуулар менен таанышып чыгышты.

Экскурсиянын катышуучулары учактардын учуп-конууларына күбө болушту. Ошондой эле, балдар компаниянын адистерине кызыктырган суроолорун берүүгө да жетишишти.

Белгилей кетсек, балдардын  кесипке болгон кызыгууларынын калыптанышына кесиптик багыт берүүчү экскурсиялар чоң таасирин тийгизет.