Биздеги демократия менен шайлоо жогорку окуу жайларга чейин жетип, 2012-жылы мамлекеттик окуу жайлардын ректорлорун шайлоо аркылуу кызматка коюу тартиби киргизилген. Мындай кадамдын негизги максаты демократиялаштыруу жана жогорку окуу жайларга академиялык эркиндик берүү болгон. Бирок бул эреже өзүн актаган жок, окуу жайлар шайлоо менен гана алек болуп калышкан. Бирок иш жүзүндө жамаат экиге бөлүнүп, шайлоодо жеңген жетекчи өзүнө каршы добуш берген окутуучуларды куугунтуктап, интрига менен алектенип, жыйынтыгында студенттерге сапаттуу билим берүү милдети экинчи орунга түшүп калган болчу.  Ошондуктан бийлик жогорку окуу жайлардын ректорлорун  дайындоо коррупциялык көрүнүштөрдү жоё тургандыгына токтолгон.

Бул маселе ушул жумада Парламентте талкууланып, депутаттар өз ойлорун айтышты.  

“Билим берүү жөнүндөгү”  мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамдын  депутат Улугбек Ормонов тарабынан сунушталууда.

Эл өкүлдөрүнө билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу баяндама жасады.

Мындан ары “улуттук” макамы бар мамлекеттик жогорку окуу жайлардын ректорлорун Президент тарабынан, ал эми калган мамлекеттик жогорку окуу жайларды Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан дайындоо сунушталууда.

Министрдин орун басарынын айтуусунда, 33 мамлекеттик окуу жай бар. Анын ичинен төртөө “улуттук” макамына ээ.

Депутат Бактыбек Сыдыков ректорлорду дайындоого каршы болуп,  “Университеттерде көп жылдан бери иштеп келе жаткан жамаат бар. Ректорлорун өздөрү шайлап алуусуна мүмкүнчүлүк түзүп бериш керек. Эң адилеттүү ыкма бул – шайлоо” – деген пикирин айтты.

Ал эми депутат Аида Исатбек кызы 33 окуу жайдын ичинен чарбалык эсептин негизинде каржыланган университеттердин ректорлорун шайлоо менен тандоо зарылчылыгын колдоду. Айтор, депутаттар деле ар кимиси өз аргументин таңуулап, университеттердин ичиндеги бөлүнүп-жарылуу, трайбализм сыяктуу былыктардан кабары жок экендиги көрүнүп калды.