Быйыл өрүктүн мекени болгон Баткенде түшүм өтө жакшы болбосо да, бир аз үмүттү актап, киреше берүүдө. Мисалы, Баткен районунун Чек айылынын тургуну Сапарбай Момунов быйыл өрүктөн күтпөгөндөй көп киреше тапты.

Ал 2011-жылы 1 гектар 30 сотых жерине 300 түп ак өрүк көчөтүн отургузган. Бирок буга чейин өрүк жакшы түшүм бербей, 300 түп өрүктүн мөмөсүн болгону 100 миң сомго саткан болсо, быйылкы жылы 710 миң сомго сатып олтурат. Бул тууралуу "Баткен медиа" телевидениеси билдирди.

“Менде 300 түп өрүк бар. Быйыл түшүм анча жакшы болбоду. Ошондуктан бир килограммын 240 сомдон сатып жатабыз. Бир нече жылдан бери өрүк жакшы болбой атат, быйыл гана бир аз жакшы түшүм жыйнап, балдарымдын мээнети бир аз кайтып атат”,- деди ал.

Багбандын айтуусунда, өрүк жакшы түшүм бериши үчүн көп эмгек талап кылынат. Акыркы жылдары өрүктү эрте жазда эле үшүк алып кетип, пайда болбогон менен, быйыл бир аз киреше түшүүдө.

С. Момунов өзү ден соолугуна байланыштуу өрүктү карай албагандыктан, Россияга иштеш үчүн кеткен балдарын чакырып алып, өз жеринде эле жакшы акча тапса болорун айткан.

“Балдарыбыз Россияда эле, чакырттырып алдык. Мен өзүм кары адам болгондуктан, жетишпеймин да. Ошондуктан балдарым Россияны таштап, келишти эле иштегендигинин акыбети кайтууда. Азыр мына ушунча түшүмдү жыйнап алып жатабыз. Кардарлар да келип калган экен, аларга дүңүнөн саттык. Россияда эмес, бул жерде деле иштесе болот экен”,- деп сөзүн улантты багбан.

Учурда Баткенде ак өрүктүн бир килограммы жеринде дүңүнөн 240 сомдон сатылууда. Алуучулар өрүктү Москва шаарына экспорттошот. Багбандардын түшүмүн жеринде дүңүнөн сатып алууну каалаган кардарлардын  саны арбын.

Сатып алуучу Муратали Таиповдун айтуусунда, 3-4 жылдан бери Баткенде өрүктүн түшүмү болбой келген. “Биз, сатып алуучулар айылдын элин чогултуп, жыйналыш өткөргөндө “200 сомдон бербейбиз, биздин да мээнетибиз бар, баардык нерсе кымбаттап кетти”,- дешти. Ошондуктан  машинаны толтуруш керек болгондуктан, айыл башчылар менен да сүйлөшүп, 300 түп өрүктүн ар бир килограммын дүңүнөн 240 сомдон сатып алдык”,- деди сатып алуучу.

Бүгүнкү күндө өрүктү терүү жана сорттоо иштерин атайын Өзбекстандан келген жумушчулар аткарып жатышат. Аларга күнүмдүк акы 1500 сомдон төлөнүүдө.

Баткенде өрүктүн түшүмү, кандай терилип, кай жакка сатылып жаткандыгынан Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары, Баткен районунун акими жана башка жетекчилер кабар алып турушат.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, Баткен облусунун өрүк өскөн ысык аймактарынын багбандары түшүм жакшы болгон жылы үй-бүлөсүнүн бир жылдык тамак-ашка, балдарынын кийим-кечесине жетерлик каражат табышат. Ал эми сатуу жагын колго алып, 200-300 түптөн көп өрүгү барлар машина алып, үй салганга чейин жетишишет.

Ошол эле учурда мурдагы жылдары баткендиктер өрүгүн бышканда кошуна мамлекеттин алып-сатарларына бир килограммын дүңүнөн 5-7 сомдон сатып келишсе, быйыл бул ишти кыргыз бизнесмендери жүргүзүп, негизинен Россияга экспорттошот.

Бирок өрүктү кургатып, ар кандай салмакта баштыктарга салып, алыскы өлкөлөргө экспортко чыгаруу иштери жакшы колго алынбай келүүдө. Анда багбандар да, мамлекет да азыркыдан бир нече эсе көп пайда көрүшмөк.