Кабыл алынган чечимдердин баары эле туура болбогонун убакыт көрсөтөт. Окуу жылынын башталышын 1-сентябрдан 15-сентябрга жылдыруу шашылыш чечим болгонуна ынанып атабыз. Окуу 15-сентябрда башталгандыктан акыркы коңгуроо 9-июнга жылдырылган. Окуу жылынын кеч аяктоосу окуучулар үчүн бир катар кыйынчылыктарды жаратууда.
Атап айта турган болсок, күндүн катуу ысып кетүүсүнөн улам окуучулардын окууга барып, келүүсү кыйынга туруп, натыйжада кээ бир ата-энелер балдарын мектептерге жөнөтпөй коюшууда. Анткени, окуучулар окуу мезгилинин созулуп кетүүсүнөн улам кадимкидей чарчашып, окууга болгон көңүлдөрү, каалоолору жок болуп, бул өз кезегинде алардын предметтерди өздөштүрүүсүнө, сабактарга болгон кызыгууларына терс таасирин тийгизүүдө.
Бул боюнча атайын ата-энелер арасында сурамжылоо жүргүзгөндө да жогоруда айтылгандарды ырасташкан. Суралгандардын 92 пайызы биринчи коңгуроо 1-сентябрда болушу керектигин айтышса, 5 пайызы гана 15-сентябрга макул экендиктерин билдиришкен. Ал эми суралган ата-энелердин 1 пайызына айырмасы жок экени белгилүү болду. Демек, билим берүү министрлиги бул боюнча чечимди кайрадан карап чыгуусу керек. Анткени, аталган чечим жалпы билим берүүнүн сапатына кедергисин тийгизүүдө. Буга министрлик эмне деп жооп берет?
Булак: “Майдан. kg” гезити