Өзүн “кыргыздын деми” деп атап жүргөн блогер Гүлзат Алымкулова (Гүлзат Мамытбек) Хайплайк ютуб каналына тергөө абагында отурган мезгилде эмне менен алектенгени тууралуу маек курду.
Ал өткөн жылдын 26-октябрында “Алдамчылык” беренеси менен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген болчу. Мамытбекти кармоого 2020-жылы блогердин үстүнөн жети кишиден арыз түшкөнү негиз болгон. Жабырлануучулар блогер алардын “ишенимине кирип, чоң киреше убадалап акча алганын” билдиришкен. Зыяндын жалпы өлчөмү 110 миң доллардан ашуун.
Жети айдан кийин Бишкектин Биринчи май райондук соту Алымкулованы (Гүлзат Мамытбекти) күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыраткан. Анын жазасы үч жылдык пробациялык көзөмөлгө өзгөртүлүп, блогер сот залынан бошотулган.
“Күнөөмдү мойнума алам. Негизи күнөө өзүмдө, туура эмес долбоор баштап алып, туура эмес инвестиция, туура эмес келишимдерди түзгөм. Бүт нерсени өзүм туура эмес кылып анан карызга батып калдым. Бул чындык, бирок мен атайлап алдайын деген максатта жасаган эмесмин”, — деп жооп берди.
Мындан сырткары Гүлзат Мамытбек анын кармалышына, анын үстүнөн арыз жазуучуларга көмөктөшкөн анын жолдошу экенин белгиледи. Анткен менен “түрмөдө отурганым мага сабак болду” деп кошумчалады.
“Күнүгө графигим болчу. Түрмөдө жүргөндө да пайдалуу нерсе менен алектендим, 6 тил үйрөнүп баштадым. Түрмөдө чогуу отурган аялдарды да тартипке салдым, китеп окуп, этиканы сактап, тазалыкка үйрөттүм. Абакта отуруп да кыйла токтолдум. Бардык нерсени түшүндүм. Отуруп чыкканыма сыймыктанам, тарыхта калган кишилер түрмөдө отуруп чыккан”, – деди блогер.
Бул сөзү менен президент Садыр Жапаровду саясатчы катары сыйлай тургандыгын белгилеп, өзүнүн да президент болуу максаты бар экенин кошумчалады.
“Азыркы президентибиз Садыр Жапаровту аябай сыйлайм, мен баскан жолду президент да өткөн… Дордойго барып, эч коркпой аралап келди го, башка президенттер “жетинчи кабаттан” түшө албай отурушат. Бир жылдын ичинде жакшы эле иштерди кылды. Ушундай темпте кетсе, кийинки мөөнөткө да шайланып калат деп ойлойм. Андан кийин мен президент болом, ага чейин саясатты изилдеп, окуп, түшүнүп, акчаны камдап даярданам”, – деп пикирин бекемдеди ал.
Булак: argument.kg