Кыргыз-өзбек чек арасында дагы бир туннель табылганын 13-июнда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
11-июнь күнү атайын кызмат чек арачылар менен бирге Ош облусунун Кара-Суу шаарындагы үйлөрдүн биринен туннелди табышты.
Туннелдин кире бериши тосулган.
Тергөөнүн версиясы боюнча, үйдүн ээси М.И.М. 2014-жылы Өзбекстандын Рустам аттуу жараны менен таанышкан. 2021-жылдын сентябрь айында алар Кыргызстан менен Өзбекстанды байланыштырган туннелди казып, ал аркылуу товарларды жана валюталарды ташышкан.   Кармалган адам күнөөсүн мойнуна алып, тергөө менен кызматташууга даяр экенин билдирди.

Тергөө иштери уланууда.

Булак: Баракелде