Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров  менен УКМК башчысы Камчыбек Ташиев  8-июнда, борбордук Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда өткөн Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасы менен Сингапурдун курамасынын футболдук беттешине барышты.

Беттеш Азия кубогу-2023 тандоо этабынын алкагында өттү.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Сингапур курама командасын 2:1 эсебинде жеңип алды.