Кыргызстандын жаңы тарыхындагы эң чоң улуттук трагедия болгон 2010-жылдын июнунда Кыргызстандын түштүгүндөгү этникалык кагылышууларга 12 жыл болду. Анда Оштогу, ЖалалАбаддагы, бир катар райондордогу, шаарлардагы кагылышууларда, башаламандыктарда дайынсыз жоголгондорду кошкондо 500гө жакын адам курман болуп, 2 миңге жакын адам жарадар болгон. Алардын сезилерлик бөлүгү түбөлүккө майып болуп калышты. Мамлекеттик жана менчик 2 миңдей обьекти, турак жай өрттөлүп, мамлекетке, элге жалпысынан 12 миллиард сомдук зыян келтирилген. Анын кесепеттерин донорлордун жардамы менен Кыргызстан эки жылда араң ордуна келтирди. Ал эми жазыксыз набыт кеткендерди, жарадар болгондорду ким ордуна келтирет?
Алардын алдындагы тирүүлөрдүн негизги парызы - июнь коогалаңынынын күнөөкөрлөрүн аныктап, мыйзамга ылайык жазаларын берүү болуп саналат. Ал кагылышуулар жөн эле жерден чыккан эмес, бирөөлөр кычаштырып, кайраштырган, экстремисттик чакырыктар менен чыгышкан. Экинчиден, же эң чоң кызматтарды ээлеп отургандар экстремисттик аракеттерди убагында тыйгандын ордуна алар менен жең ичинен сүйлөшүп, өздөрүнө каршы чыккандарга багыттоого аракеттенишкен, анын аркасы менен атаандаштарын жаманатты кылууну көздөшкөн. Айрым кызмат адамдары Жалал-Абад менен Оштон тийиштүү сигналдар, тынчсызданган билдирүүлөр тынбай келип жатканына карабастан өз ыйгарымдарынын чектеринде адекваттуу чараларды көрүшкөн эмес.
Июнь трагедиясынын себептери Эл аралык комиссия тарабынан текшерилген. Анын жыйынтыктары “Убактылуу Өкмөт” деп аталган хунтанын мүчөлөрүнө жакпагандыгына байланыштуу комиссиянын төрагасы Кильюненди Кыргызстанга экинчи киргизбей коюшкан. УӨ мүчөлөрү “баардыгын Белоруссияга качып кеткен Курманбек Бакиевге шылтап, Эл аралык комиссияны Кыргызстанга киргизбей койсок эле баары тынчып, биздин жоопкерчилигибиз суралбай, күнөөлөрүбүз ачыкка чыкпай калат”,- деп ойлошсо керек. Жакында АКШда мындан туптуура 40 жыл мурда бир кызды өлтүргөн адам табылып, соттолду. Ал эми мында жүздөгөн адамдарды өлтүрүүлөр, миңдеп жаракат алгандар, мамлекетке, элге келтирилген миллиарддаган зыяндар жөнүндө сөз болуп жатат. “Временшиктер” бийликте турганда өз күнөөлөрүн жашырып, жаап, элди алдашса да тарыхты алдай алышпайт. Бул маселе дагы нечен ирет көтөрүлөт, нечендеген изилдөөлөр, иликтөөлөр жазылат, же күнөөкөрлөр “ар жакка” кире качышса да андан баары бир кутула алышпайт.
Июнь окуясына удаалаш Испанияда поезд кырсыкка учурап, 40тан ашык адам өлгөндүгү үчүн Испаниянын премьер-министри элинен кечирим сурап, өз ыктыяры менен отставкага кеткен. Ал эми биздин “временшиктер” жок дегенде элден кечирим сураштыбы? Жок! Өз күнөөлөрүн (саясый, моралдык болсо да) таптакыр моюндарына алгылары келишпейт. Алар жер сабап баарын тана берсек эле, кутулуп кетебиз деп ойлошот окшойт. Алардын андай демагогиялары азыр эч жерге өтпөйт.
көн жылдын июнунда Июнь коогалаңынын материалдарын кайра карап, тийиштүү баа берүүнү укук коргоо органдарына тапшырса, анын алгачкы жыйынтыктары чыга баштады. Учурда “временшиктердин” ичинен – Р.Исакова, И.Исаков, К.Дүйшөбаев, Б.Асановго карата мыйзамдуу текшерүүлөр бүтүп калды, дагы бир нечесинин үй-мүлктөрү, байлыктары такталууда. Эгерде алардын күнөөлөрү аныкталса, кыйратылгандардын, өрттөлгөндөрдүн бир бөлүгүн болсо да компенсациялоо үчүн алар конфискацияланышы да мүмкүн. Бирөөлөрдөн бир нече миң доллар пара алгандардын байлыктары конфискацияланып жатканда эмне үчүн жүздөгөн адамдардын өлүмдөрүнө, миллиарддаган чыгымдарга тиешелери барлар андай жазадан четте калышы керек?
“Временшиктердин” баары негизинен бет тырмарлык менен жан сактап, мансаптарга жетишкенге көнгөн адамдар. Алар адаттарынча ар кандай айгайларды салышып, баштарын, айрымдары көмүскөгө жашырылган миллиондогон байлыктарын коргогонго жан далбасташууда. Бирок, бийлик, укук коргоо органдары алардан чоочубоосу керек, алардын мезгили АШАнын бийлиги менен кошо алда качан эле өткөн, кеткен. Июнь коогалаңына байланышкан кылмыш иштери мыйзам чегинде толугу менен аягына чыгарылышы, ага укуктук гана эмес, парламенттеби же Элдик Курултайдабы тийиштүү саясый баа берилүүсү да зарыл.
Автандил БЕЛЕКОВ, Булак: “Майдан. kg” гезити