Бул боюнча Бишкектин Биринчи май райондук соту быйыл 26-мартта чечим чыгарган. Аны 12-апрелде Мамлекеттик каттоо кызматынын Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин райондук филиалы мамлекеттин менчиги кылып каттаган.

30-майда Мүлк фондунун кызматкерлери мүлктөргө инвентаризация жүргүзүү үчүн аталган имаратка барышып, ал жердеги кароолчуларга үч күндүн ичинде бошотуусун эскертишкен. Фонд “Атамбаевдин тарапташтары билдирүүгө карабай ал жерди бербөө үчүн социалдык жайга айландырууга аракет кылган” деп айыптап, алардын мындай иш жасоого акысы жок экенин эскерткен. Мүлк фонду Министрлер кабинетинин буйругу менен ал имаратка карыларды дарылоо комплекси болорун билдирди. Ушул эле буйрукка ылайык, дагы бир мурдагы президент Курманбек Бакиевдин Жибек-Жолу көчөсүндөгү имараты майыптыгы бар балдар үчүн реабилитациялык борбор болду. Бул имарат Бишкекте майыптыгы бар балдарга өткөрүлүп берилүүдө.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевдин билдирүүсүндө, реабилитациялык борбор мурдагы президент Курманбек Бакиевдин Жибек-Жолу 519 жана 521 дарегинде жайгашкан үйүнүн имараты болот. Ал президенттин жарлыгы менен биринчи жолу чоң кишилерге жана майыптыгы бар балдарга жөлөк пулдар, ошондой эле өзгөчө балдарын багып жүргөн ата-энелерге жеке жардамчыларга төлөмдөр көбөйтүлгөнүн белгиледи. “1-июндан баштап жеке жардамчынын кызматын балдар гана эмес, 18 жаштан жогору майыптыгы бар адамдар да ала алышат. Бул жайларды өткөрүп берүү аяктагандан кийин, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн акысыз реабилитациялык борбор ачуу ишин баштайбыз. Өзгөчө баласы бар ар бир үй-бүлө жеке кызматтарга акы төлөй албастыгын баарыбыз билебиз.

Эми мамлекет заманбап борбордо сапаттуу кызматтарды акысыз көрсөтөт. Борбор бир эле учурда 100гө чейин баланы кабыл ала алат”, - деди Базарбаев. Ошентип эки экс-президенттин тең бийликте турганда курган үйлөрү өздөрүнө буюрбай калды.

Булак: “Майдан. kg” гезити