8-июндан тарта Казакстандын жарандары жана чет элдиктер үчүн эмдөө жана ПЧР-тест өлкөгө кирип жатканда талап кылынбайт. Бул тууралуу Казакстандын премьер-министринин расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка караганда, чечим премьер-министрдин орун басары Ералы Тугжановдун төрагалыгы алдында Казакстанда коронавирус инфекциясынын алдын алуу жана жайылтуу боюнча мекемелер аралык комиссиясынын жыйынында кабыл алынган.
Өлкөдөгү жана дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдын турукташуусун эске алуу менен мекемелер аралык комиссиясы төмөнкү талаптарды жокко чыгаруу чечимин кабыл алды:
1. Ушул жылдын 8-июнунан тартып Казакстандын жарандары жана чет өлкөлүктөр үчүн COVID-19га каршы эмдөө же ревакцинациялоонун документалдык далилин (паспорт/күбөлүк/ COVID-19га каршы эмдөө жөнүндө күбөлүк), ал эми алар жок болгон учурда Казакстандын Мамлекеттик чек арасын кесип өтүүдө COVID-19га ПЧР-тесттин терс натыйжасы бар жыйынтыгын милдеттүү түрдө көрсөтүү талабын;
2. Өлкөнүн 7 облусунда Казакстандын Мамлекеттик чек арасынын айрым участокторунда 12 убактылуу жабылган унаа өткөрүү пункттарынын иштөөсүнө тыюу салууну.