Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлиги иштебеген мекемелердин бири. Мындай пикирин депутат Шайлообек Атазов социалдык саясат боюнча парламенттик комитеттин жыйынында билдирди. 

"Социалдык тармактарда миграция боюнча сунуштар жарыяланып жатат. Маселени алар каражатсыз чечүүгө даяр. Бирок министрлик иштебей жатат. Шайлоодо элдин көбү пенсия жана жөлөкпул боюнча маселе көтөрүшкөн. Аталган министрликтин жетекчиси шаардык бала, ак кол. Кабинетинен чыксын эми, пандемия бүттү. Профилдик комитеттин жыйынына да келбей койду", - деди Атазов.