Абай Молдокматовго Башкы прокурордун милдеттерин убактылуу аткаруу жүктөлдү. Тиешелүү жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду.
Молдокматов буга чейин башкы прокурор Курманкул Зулушевдин биринчи орун басары болуп иштеп келген.
Президент Курманкул Зулушевди саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата кылмыш иши тергелип бүткүчө кызматтан убактылуу четтете турууну чечкен.