2022-жылдын 3-июнунда «Ош» эл аралык аэропортунда Ош-Анталия багыты боюнча биринчи чартердик каттам ачылды. 184 жүргүнчү Ош шаарынан Анталияга учуп кетти. Бул тууралуу "Манас" эл аралык абамайданынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, «Пегасус» авиакомпаниясы тарабынан Анталия-Ош-Анталия багыты боюнча каттамдар жумасына эки жолу (дүйшөмбү жана жума күндөрү) аткарылат.