Жогорку Кеңештин "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын депутаты Исхак Масалиев маалымат каражаттарынын бирине   Камчыбек Ташиев менен Адахан Мадумаровдун парламент жыйынындагы кайым айтышуусуна пикирин билдирген. Анда "УКМК төрагасынын психикасында мандем бар, Башкы прокуратура чара көрүшү керек" дегендей айткан. 

Исхак Масалиев "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын депутаты, Адахан Мадумаровго түз көз каранды адам. Ошондуктан, анын Мадумаровго болушуп, Ташиевдин акыл-эсинен өөн издеп жатканы таң калыштуу эмес. Мадумаров партиясынын катарына, болгондо да алдыңкы сабына кошпогондо, парламентке бул сапар келиши күмөн эле. Анткени, 15 жылдай парламентте отуруп, бирок көрүнүктүү бир иш кылбаган адамды шайлоочулар кайрадан шайламак эмес. Эми беш жыл Мадумаров ак деп көргөндү ак деп, кара дегенин кара деп, колдоп-кубаттап туруудан башка анда арга жок. 

Бирок чыныгы эл өкүлү болсо, болуп өткөн окуяга калыс баа берип, тең салмактагы пикирин бөлүшүүдөн корксо, жок дегенде унчукпай кутулмак. Ошол парламент жыйынында окуя эмнеден башталганын жакшы билет. Мадумаров өзү контрабандага каршы жасалап жаткан УКМКнын аракеттерин сынга алып, сөөмөйүн кезеп, Ташиевдин кыжырына тийди. Масалиев мамлекеттик кызматкер кандай болушу керектигин жакшы билет экен, андай болсо, бийлик бутактарынын өкүлдөрү, анын ичинде депутаттар дагы кайсы жерде өзүн кандай алып жүрүүсү керектигинен кабардар болсо керек. Мадумаров сый менен мамиле кылып, айтчу маселесин провокациялабай түз айтканда, так ошондой сый мамиле менен жооп укмак. Кайым айтышууну кунт коюп көргөн адам Мадумаров буга алдын ала даярданып, максаты Камчыбек Ташиевди эмоцияга алдыруу экенин жакшы түшүнөт. 

Окуяны өз көзү менен көрүп туруп ушундай чагымчыл пикирин жарыялоодон тартынбаган Исхак Масалиевдин өзүнүн акыл-эсин текшерүү керек болуп жүрбөсүн? Балким психикалык көйгөйү бар?..