Саламаттыкты сактоо министринин орун басарлары – Рахматулаев Жалалидин Мамаюсупович, Бектурганов Улук-Бек Бектурсунович жана Ташиев Жапаркул Актаевич ээлеген кызматтарынан бошотулду. Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

«Аталган чечим «Министрлер кабинети жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 18-беренесине, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын 37-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык кабыл алынды», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Рахматулаев, Бектурганов жана Ташиев маалымат жыйын өткөрүшүп, саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин мамлекеттик кызматкердин этикасына туура келбеген кылык-жоругуна арызданышып, өлкө жетекчилигинен  аны кызматтан алууну суранышкан болчу.