Адахан Мадумаров кыргыз саясатында ѳзүн «ак карга» эсептей тургандыгы эч кимге жашыруун эмес. Андан ѳткѳн мыйзамды сыйлаган, кристаллдай таза эч ким жок. Ал гана ѳлкѳнү, элди ойлойт, калгандары коррупцияга малынгандар, ѳлкѳ үчүн иш жасабагандар. Анын сүйлѳгѳндѳрүн угуп отурсаң, ушундай таасир жаралат. Ошол себептен оозун ачса эле башкаларды сындап, айыптап, зекип сүйлѳп кирет. ЖКнын 2-июндагы жыйынында ѳкмѳттүн мүчѳлѳрүн дайыма ѳзүнүн курч, заар тили менен сѳзгѳ жыгып, айласын алты кылып кѳнгѳн Мадумаров УКМК тѳрагасы К.Ташиевге да ѳзүнүн курч тилин агытып, бирок Ташиевден катуу жоопторду алганына баарыбыз күбѳ болдук.
Жыйында К.Ташиев А.Мадумаровдун жакындары аткезчилик менен алектенерин, А.Мадумаровдун ага «крышалык» кылып, чоң акчаларды жасап келатканын айтты. Муну бийик трибунадан УКМК тѳрагасынын ѳзү айтып жатат. Демек, факты, далилдерге таянып айтып жатканында талаш жок. Ошондо А.Мадумаров ким болуп калат? Эл кѳзүнѳ мыйзамдуулукту, акыйкаттуулукту сүйлѳп, бирок иш жүзүндѳ аткезчилик менен алектенип, элди, шайлоочуларын алдап келаткан шумпай болуп калабы? Мындайда «ишенген кожом сен болсоң…», «Карма ууруну карма деп, ууру жүрѳт» деген сѳздѳр эске келбей койбойт экен.
Камчыбек Ташиев айтты. Эми УКМК бул ишти аягына чыгарып, жалпы эл А.Мадумаровдун чыныгы жүзүн билеби? А.Мадумаров эмне деп жооп берет, эмне деп актанат?