28-майда Бишкек шаарындагы Жеңиш сейил багында Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Дайыр Асанов атындагы “Чек ара даңкы2 аллеясында Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын 30 жылдык маарекесине арналган майрамдык иш чара өткөрүлдү. Ага КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы, генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев баштаган УКМКнын жана Чек ара кызматынын жетекчилиги, өздүк курам, ардагерлер жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышты.
Майрамдык салтанатка бир катар чет мамлекеттердин Кыргызстандагы аскердик атташелери, Россия Федерациясынын Федералдык Коопсуздук кызматынын Чек ара кызматынын өкүлдөрү, Борбордук Азиядагы чек араны башкарууга көмөктөшүү программасынын (БОМКА) аймактык жетекчиси Марис Доминьш конок катары катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Чек ара кызматы мамлекеттик чек араны коргоо боюнча коюлган тапшырмаларды абийирдүүлүк менен так аткарып жатканын белгиледи.
“Сааттык чек аралар иш жүзүндө Ата Мекенге болгон берилгендикти, аскердик антты жана аскердик милдетти ыйык туткандыкты далилдейт. Бүгүнкү күндө мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо системасы жакшыртылып, заманбап аскердик техникалар жана ок-дарылар сатылып алынууда. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу чек арачылар “Байрактар ТБ-2” сокку уруучу учкучсуз учактарын алышты. Чек ара инфраструктурасы да өнүгүп жатат: жаңы чек ара заставалары жана комплекстери курулууда, чек ара бөлүктөрүндө кызмат өтөө шарттары, аскер кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнүн жашоо шарттары жана жашоосу жакшырууда”,- деди Камчыбек Ташиев.
Ошондой эле, бардык чек арачыларды жана алардын түйшүгүн тең тартышкан үй-бүлөлөрүн бул маанилүү дата менен куттуктап, ыраазычылыгын билдирди.
“Ар бир чек арачыга ийгилик каалаймын. Чек арачы болуу ары сыймыктуу, ары тобокелчилиги көп иш. Бул кызмат УКМКга кошулгандан кийин мамлекет тарабынан, өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы кол башчысы, президент Садыр Жапаров тарабынан анын материалдык-техникалык базасын күчтөндүрүү боюнча көрсөтмө берилген. Башкы кол башчынын көрсөтмөсүн аткарып, УКМК жетекчилиги акыркы убакта Чек ара кызматын бардык керектүү шарттар менен камсыздай баштадык. Согуштук техника, курал-жарактар алынды. Андан сырткары чек арачылар үчүн үйлөр курулуп, айлык акылар жана башка социалдык төлөмдөр жогорулатылды. Учурда Тажикстан жана Өзбекстан менен болгон чек ара тилкелеринде толук делимитация, демаркация боло элек. Ошондуктан, бул мамлекеттик чек араны кайтарган жоокерлер күчөтүлгөн тартипте иштешет. Акыркы учурда дүйнөдө, аймактарда болуп жаткан окуяларга байланыштуу коопсуздук багытында иш аракеттер көп жүрүүдө. Азык-түлүктөр коңшу өлкөлөргө аткезчилик жол менен чыгарылып кетүү аракеттери кездешет. А мунун баарын чек арачылар токтотконго туура келет. Ошондуктан, алардын иши оор, күн-түн дебей, чек аранын алыскы аймактарына барышат. Мен чек арачыларга мамлекетибизди коргоп, коопсуздугун сактап жатканы үчүн ыраазычылык билдирем”, - деди Камчыбек Ташиев.
Салатанатта башка күч түзүмдөрүнүн жана мамлекеттик кызматтардын өкүлдөрү чек арачыларды куттуктап, милдетин так аткарып көзгө көрүнгөн аскер кызматкерлерине мекемелик сыйлыктарын тапшырышты. Ошондой эле, “Чек арачы жоокер” айкелине гүлчамбар коюлду.
Чек ара кызматынын ардагерлери буга чейин чек арачыларды чабандардын үйүнө жайгаштырууга аргасыз болушкандарын айтып беришти. Алар белгилегендей, бул кызматка акыркы бир жылда көңүл бурула баштады. Чабандардын үйлөрүнө баш калкалоого аргасыз болушкан чек арачыларга отун-суу, азык-түлүк ташып барууга автоунаа таппаган күндөр өткөн экен. Ал эми азыр президент Садыр Жапаровдун, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин аракети менен чек арачыларга ыңгайлуу шарт түзүлүп, бүт күчүн мамлекеттин коопсуздугун сактоого бурууга мүмкүнчүлүк жаралды.
Булак: "Майдан. kg" гезити