Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынына Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү келип, депутаттардын суроолоруна жооп беришти. Мындай учурда амбициясы асман чапчыган депутаттар мүмкүнчүлүктү куру кетирбей, министрлерге, мекемелердин жетекчилерине өктөм сүйлөп өзүн көрсөтүп алууга умтулушту. Алардын бири - Тазабек Икрамов.
Ал түз эле УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге суроо узатты.
"Сузак районунун Кара-Дарыя айылынды былтыр болгон селдин кесепетинен үй-жайынан ажыраган адамдар ушул кезге чейин контейнерлерде жашап жатышат. Мен элдин маселесин көтөрө берем, анткени, "Ата-Журт" партиясынан шайланып келген эмесмин, бир мандаттуу округдан шайланып келгем. Мен элдин добушун алгам", - деп эле алдын ала актандыбы же мактандыбы, көкүрөгүн койгулап алды.
Кызыгы, партиядан шайланабы же бир мандаттуу округданбы, элдин маселесин көтөрүү депутаттын милдети. Буга чейин Икрамов "Өнүгүү-Прогресс" партиясы аркылуу парламентке келип, эки жылдан соң дисциплинаны бузганы үчүн фракциянын катарынан чыгарылган эле. Эми бир мандаттуу округдан шайланганына өзүн толук кандуу эл өкүлү сезип алгандай кебетеси бар.
"Туура, элдин маселесин көтөрүңүз. Эл сизди ошон үчүн шайлаган. Бирок "Ата - Журтка" таш ыргытыштын кереги жок. Ал партия сизди кошкон жок", - деди Камчыбек Ташиев. Ошондой эле, кайсы бир маселе боюнча суроо берээрде ток этээрин гана айтып, ашыкча сөздөрдү кошо бериштин кереги жоктугун белгиледи. Ал эми Сузак районундагы контейнерде жашап жаткан жарандан боюнча, аны териштирип, чындыгында абал ошондой болсо, ушул жылдын соңуна чейин үйлөрдү куруп киргизүүгө аракеттенишээрин билдирди.
Дагы бир депутат Мирлан Самыйкожо да өзүн көрсөтүүнүн ушул ыкмасын тандады. Ал дагы Ташиевге кайрылып, "эмнеге сиз бизди уруша бересиз? бирде колуңду сындырам дейсиз, бирде тынч отур дейсиз" - дегендей бала таарынычын жолдоду. Унутуп калам дедиби же сүрдөп кетет беле, айтор, сөздөрүн кагазды улам-улам карап айтты. Буга да Камчыбек Ташиев ынанымдуу жооп берип, эки "жаш" депутатка өз ордуларын көрсөткөндөй болду.
Таң калыштуусу - депутаттар өкмөт сүйлөсө эле өздөрүн баатыр сезип калышабы?