"Сорос - Кыргызстан" фондунун жетекчиси Шамил Ибрагимовдун бүгүн УКМКга суракка чакырылганы айтылган. Бирок анын себеби белгилүү болгон эмес.
Шамил Ибрагимов өзү эмнеге суракка чакырылганын айтып берди. Айтымында, Сорос фонду ээлеп турган имарат мыйзамсыз берилген тариздеги видеолор интернетке чыгып, ошонун негизинде жооп алуу үчүн УКМК чакырган.
"Мен имаратты сатып алуу жана сатуу толугу менен мыйзамдуу болгонун түшүндүрүп чыктым. Жогорку Кеңештин чечими бул имараттарды мыйзамсыз алуу маселесине байланыштуу деп ойлойм. 2012-жылдан кийин прокуратура жана салык органы - бала бакчалардын имараттарын ээлеп турушат. Баары мыйзамдуу болуп чыкты деп ойлойм", - деди Ибрагимов.