Айыл чарба министрлигинин өлкөнүн дыйкандарына ысыгы да, сууга да жок. Анын бары-жогун дыйкандар байкаша элек. Бул тууралуу депутат Камила Талиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. 

Айтымында, ага дыйкандардан даттануу түшүп жатат. Анда дыйкандар керектүү жер семирткичтерди убагында ала албай жатышканын, бул жаатта Айыл чарба министрлиги эч кандай аракет кылбаганын айтышкан. 

"Дыйкандар абдан нааразы болуп жатат. Арасында 80 гектар жерди иштеткендер да бар. Алар мамлекеттен эч кандай жардам жоктугун, куру дегенде ирриграция маселесине Айыл чарба министрлигине көңүл бурбаганын билдирип жатышат. "Мындай министрликтин эмне кереги бар?! Айыл чарбага көңүл бура албаса Айыл чарба министрлигин жоюп эле салыш керек! Ансыз да биз өзүбүздү өзүбүз колдоп келатабыз", - деп айтышты. Бул боюнча аталган министрликтен сурашыбыз керек", - деген депутат дыйкандарга жетиштүү камкордук көрүлүшү зарылдыгын белгиледи.