Окуу жылы аяктаарына аз калды. Орто мектептердеги бүтүрүү кечесин өткөрүүгө буга чейин тыюу салынып келген.
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков кайрадан бул маселеге кайрылып, тыюу салынганына карабай айрым мектептердин бүтүрүүчүлөрү кече үчүн 20 миң сомдон чогултуп жатышканын айтты.
"Ата-энелер кортеж, бүтүрүү кечесин уюштуруп жатышыптыр. Билим берүү министрлигине, ИИМге кырдаалды көзөмөлгө алууну тапшыруу керек. Бүтүрүүчүлөргө бул жакпаса керек, бирок кийин түшүнүп алышат. Биз балдарыбызга бир гана жакшылык каалайбыз", - деди Кадырбеков.