Депутат Адахан Мадумаровдун көпчүлүк айткандай, тили эле сайрайт, колунан эч нерсе келбеген популист, куу чирен. Өзү кыргыз элине кымындай пайда тийгизген эмес. Тескерисинче кызмат кылып, элге кереги тийип жаткан мекемелерди сындап, каралаганды жакшы көрөт. Мисалы, УКМКнын контрабандага каршы жасап жаткан аракеттерин сындап, аны каралаган видеолорду чыгарып, элдин башын айлантты.

Жогорку Кеңештин трибунасын дагы конкреттүү маселелерди чечкенге эмес, жеке амбициясын канааттандырганга пайдаланат. Ошол эле УКМКны кайрадан каралап чыкты. Адахан Мадумаровдун айтымында, Баткендеги эки айылдын ортосуна коюлган постторду алып салыш керек экен. А бирок, бул посттор жергиликтүү элдин өтүнүчү менен коюлганын Адахан уккусу дагы, билгиси дагы жок. Анткени, ал карапайым элдин кызыкчылыгын эч качан көздөгөн эмес.

Мадумаров керек болсо, Тажикстанга ээн-эркин кирип көнгөн контрабандачылардын кызыкчылыгын жөнөкөй элдин кызыкчылыгынан жогору коет. Алардын бири Ташматов Арслан “ушул постторду алдырып бер” деп суранган экен.
Арслан ири контрабандист катары таанымал Лейлек районунун Кулунду айылынын тургуну Ташматов Нургазынын бир тууганы. Лейлектеги “Коргончо” чек ара тилкесинде анын 8 тонна күйүүчү май жүктөлгөн эки жүк ташуучу автоунаасы кармалган. Бул автоунаалар Тажикстанда каттоодо турат. Ошондой эле, анын салонунан Тажикстандын мамлекеттик номерлери, камсыздандыруу документтери табылган. Бул факт Кылмыштардын бирдиктүү реестринде бар. Ал күйүүчү майды гана эмес, Тажикстанга жаратылыш газын мыйзамсыз жеткирип жүргөн. Былтыр 21-сентябрда “Хужант-Арка” автожолунда газ жүктөп баратып колго түшкөн. Бул факты дагы каттоодо. Карапайым эл Ташматов Нургазы Абдуназаровичтин кандай жол менен пул табарын жакшы билишет. Мадумаров мына ушул куу, жеке керт баштын кызыкчылыгын гана көздөгөн адамдын контрабандалык, мыйзамсыз аракеттерин кубаттап, постту алып салууну талап кылууда. Иттин өлүгү мына ушул жерде.

Албетте, Ташматовдун мыйзамсыз жүгүн УКМК кармады, бирок ал тажик контрабандачыларына ири суммадагы акча карыз болуп калды. Ошентип, артын жабыш үчүн далбастап, сагызгандай сайраган Мадумаровго кайрылды. Бул эле эмес, дагы көп фактылар бар. Аны кезеги келгенде айтарбыз...

Булак: abal.kg