Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов Сузак районунда 2021-жылы болгон селден жабыркаган тургундар ушул убакка чейин контейнерде жашап жатышканын, андыктан ӨКМ министри тез арада отставкага кетиши керектигин айтты. 

"Министрдин бул кызматты ээлегенге моралдык акысы жок. Өз каалоосу менен арызын жазып, кызматын тапшырышы керек", - деди Икрамов. 

Кыргызстанда "кетсин" деген сөз "модада". Тазабек Икрамов дагы "модадан" артта калбайын деп чечти окшойт. Бирок ал бир нерсени унутуп калды - ӨКМ министри Бообек Ажикеев менен өзүнүн деңгээлин. Салыштырып көрүү үчүн кимдин канча убак кандай кызматтарды аркалаганын кароо эле жетиштүү. 

Бообек Ажикеев кесиби боюнча инженер-куруучу жана эсепчи. Тазабек Икрамов дене тарбия мугалими. Кийинчерээк, 2010-жылы "Юриспруденция" жаатынын дипломун алган. Билим алуу башка, диплом алуу башка экени маалым. Айрыкча, 2010-жылдары жасалма дипломдун арааны жүрүп, эринбегендин баары эле жогорку билимдүү болуп алышканын эске алганда, бул жагы да суроо жаратат. Бул өзүнчө тема дейли. 

Экинчиден, Бообек Ажикеев эмгек жолун союз маалында куруучулуктан баштаган. Ошол замандын тартибине ылайык, эң ылдыйкы тепкичтен баштап, акырындык менен өзү иштеген тармакта ийгилик жаратып, алдыга көздөй жылып отурган. Андан кийин бир катар ири компаниялардын бөлүм башчысы, башчысы болгон. Өзгөчө кырдаалдар министри болуп ортодогу үзгүлтүккө учураган мезгилди эске албаганда, эки жылдан бери иштеп келатат. Башкаруу, ишти уюштуруу жана алып кетүү жаатында тажрыйбасы жетиштүү адис экени маалым.

Ал эми Тазабек Икрамов дайыма соода жаатында жүргөн. Жогорку Кеңештин депутатына айланганга чейин санаганы акча, көргөнү соода болуп, кыска убакытка Ош жана Жалал -Абад шаарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик дирекциянын башкы директорунун кеңешчиси катары эмгектенген. Иш тажрыйбасы жана басып өткөн жолу ушул. "Өнүгүү-Прогресстин" этегине эрмеше коюп, 2015-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп келбегенде "кетсин" менен чатагы жок катардагы жеке ишкер катары жүрө бермек. Мында да белгилей кетчү нерсе, 2015-жылдагы шайлоодо мандаттын кимге тиери анын аброй же тажрыйба, билими эмес, төлөгөн акчасына жараша чечилгени эч кимге жашыруун эмес. Жеке ишкерчиликтен тапкан акчасына мандат сатып алып, эми парламентте каадалуу адамдай чоң сүйлөп отурат. 

Быйыл азык-түлүк коопсуздугу жаралган учурда өлкөнү биринчи керектөөдөгү азыктар менен камсыздоо ӨКМ министрлигине биринчилерден болуп тапшырылган. Бул жактан Ажыкеев катачылык кетирген жок, анын эмгегинин акыбетин бүгүнкү күндө баарыбыз көрүп жатабыз, азык-түлүк тартыштыгына туш болгонубуз жок. Ошондой эле, ар бир өзгөчө кырдаалдарга чукул реакция берилип, убагында иш аткарылып жатканы министрлик тараткан маалыматтардан улам дайын. 

Капталдан чыга калып кыйкыргандан оңой нерсе жок. Андан көрө элдин жүгүн көтөрүшүп, көйгөйүн чечишип, эл өкүлү катары бийликке, иштеп жаткан жетекчилерге кол кабыш кылсын. Ансыз деле депутаттык ишмердүүлүгүнүн биринчи беш жылдыгында айткан сөздөрү лакапка айланып, элдин эсине терс жагынан орногон болчу. Бул беш жылдыгында бирөөнү кубалаганды коюп, депутаттык түз милдетин аткарууну үйрөнсө болот эле.