Жогорку Кеңештин жыйынында Адахан Мадумаров кайрадан Баткен облусундагы посттор тууралуу маселени көтөрдү. Ал буга чейин өзүнүн фракциясы менен Ош жана Баткен облусунда иш сапарында болуп, айыл арасына колган көзөмөл постторуна даттанган бир-эки жарандын билдирүүсүнө таянып, бийликке сын жолдогон болчу. Бүгүн кайрадан ошол темага кайрылды. 

Мадумаровдун айтымында, Сүлүктү шаары менен Лейлек районунун ортосуна коюлган посттор элдин ээн-эркин карым катнашына жолтоо болуп жатат. Ошондой эле, минералдык жер семирткичтердин дыйкандарга убагында жетишине да тоскоолдук жаратууда. 

"Кыргызстанда бийлик да, өкмөт да, мыйзам да жок. Дыйкандарга жер семирткичтер убагында жетпесе кесепетин кышында көрөбүз. Аларды кыйнап койдук. Кыйкырыгын эч ким укпай жатат. Шишик толуп калды, бир күнү жарылат", - деген депутат УКМК, Айыл чарба министрлигинин, Бажы тармагынын жетекчилерин парламентке чакырып, бул боюнча маалымат угууну сунуштады. 

Айыл арасындагы посттор тууралуу УКМК бир нече жолу билдирүү тараткан. Бирок ал Мадумаровго жете элек окшойт. Ошондуктан, дагы бир жолу түшүндүрүп көрөлү. 

Баткен Тажикстан менен чектешкен аймак. Коңшу өлкөгө аткезчилик жол менен ар кандай товарлар, азык-түлүктөр чыгарылып кетип турат. Айрым азык-түлүктөрдү жана буюмдарды Кыргызстандан чыгарып кетүүгө тыюу салынган. Бирок ага карабай аткезчиликтин кыныгын алып калгандар токтоно турган түрлөрү жок. Мындан улам жергиликтүү тургундар өздөрү суранып, Мадумаров айтып жаткан постторду койдурушкан. Бул посттордун жөнөкөй адамдарга тоскоолдугу жок. Анда жүктөр гана текшерилет. Эгерде тийиштүү документтери бар, Кыргызстандын аймагына ташылып жаткан жүктөр болсо, жол ачык. Жергиликтүү тургундарды токтотуп, документин текшерип же Мадумаров белгилегендей, алардан кыймылы үчүн акча талап кылынбайт. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар өздөрү айтып жатышат. 

Пост кимдерге жолтоо болууда? Аткезчилик менен алектенгендерге. Бир-эки аткезчинин айтканына таянып, Адахан Мадумаров канча убакыттан бери УКМКнын дарегине сын айтып, мүмкүнчүлүктү колдон чыгаргысы келбей жатат. 

Ал эми жер семирткичтер боюнча. Айыл чарба министрлиги ушул жылдын февралынан баштап өлкөнүн дыйкандарын керектүү жер семирткичтер, үрөндөр менен камсыздоону баштаган. Казакстан, Россиядан үч этап менен үрөн жана жер семирткич алынып келинип, Балыкчыдан ары бардык аймактарга жөнөтүлгөн. Мадумаров дыйкандарды бетине кармоо менен кайсы максатына жеткиси келип жатат?