Папан суу сактагычында динозаврлардан башка бардык жаныбарлардын өлүгү жатат. Бул тууралуу депутат Айбек Осмонов парламент жыйынында билдирди.
"Ош облусундагы Папан айыл өкмөтүндө Папан суу сактагычы жайгашкан. Ал жерден Кара-Суу, Араван районунун, Ош шаарынын элине таза суу берилет. Кечээ ал жакка биздин активисттер барышты. Чымчыктардын, иттердин, мышыктардын жана башка жаныбарлардын өлүгү толуп калганын айтышты. Жергиликтүү тургундар ал жерде динозаврдын гана өлүгү жок дешиптир. Андан башка таштандылар да бар", - деди депутат.
Ошондой эле, ал суу сактагычты тазалоо сунушун жолдоду.