Министрлер Кабинети көзөмөл-кассалык аппараттын зарылдыгын ишкерлерге жеткиликтүү түшүндүрбөгөндүктөн соодагерлер митингге чыгып жатат. Мындай пикирин депутат Арсланбек Малиев парламент жыйынында билдирди. 

"Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында ушул жумада ККМге каршы митинг өттү. Биринчиден, өкмөт элге туура түшүндүрүшү керек эле. Экинчиден, кандай учурда ККМ колдонулат, кандай учурда колдонулбайт, айтып беришсе, митингдер болбойт деп ойлойм", - деди депутат. 

Эске салсак, 30-майда Бишкекте, Токмокто жана Беловодскийде соода жаатындагы жеке ишкерчилик менен алектенгендер Өкмөт үйүнүн алдында митинг уюштурушкан. Алар ККМге каршы болушкан. 

Эртең, 2-июнда парламент бул боюнча Министрлер Кабинетинин маалыматын уга турган болушту.