Мындан 3-4 жыл мурда Кыргызстандын паспорту чоң “бизнеске” айланып, Меккеге ажылыкка бара албай жүргөн чет элдиктерден тартып, ошол эле эл аралык деңгээлдеги бандиттик топторго чейин кыргыз паспортун көтөрүп калышкан болчу. Албетте, алар негизги документибизди бекер эмес, чоң акчага сатып алып жүрүшкөн. Демек, паспорт столдо иштегендер өлгөн адамдардын кайтарылган паспортторун сатып, жаңысын жасап бере коюп, укмуш акча жасап жүрүшкөн.
“Кыныккан неме тыныкпайт”,- демекчи, паспорт сатуу өнөкөтү азыр деле бар экен. Бул маселе боюнча өткөн жумада Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов жараксыз паспортторду сатуу тууралуу Жогорку Кеңешке чакырылып, депутаттарга маалымат берди.
Алгач министр эл өкүлдөрүнө буга чейин айтып чыккан паспорт мафиясы боюнча кандай иштер жүрүп жатканы тууралуу видео кайрылуу жасады.
Министрдин айтымында, Санариптик өнүктүрүү министрлиги УКМК менен биргеликте жок кылынууга тийиш болгон 2020-2021-жылдардагы жараксыз паспорттордун реестрлерин инвентаризациялаган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Өзгөн району боюнча 1667 жарандык паспорт, 2101 жалпы жарандык паспорт жок экени аныкталган.
Кылмыш ишинин алкагында Санариптик өнүктүрүү министрлиги УКМК кармаган Калкты жана жарандык абалдын актыларды каттоо департаментинин аймактар аралык бөлүмүнүн адисин, кылмыш иши козголуп, үй камагында отурган Араван районундагы бөлүм башчысын кызматынан бошоткон. Департаменттин кызматкерлерине тартиптик жаза жарыяланган.
24-майда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде Санариптик өнүктүрүү министрлиги боюнча депутаттык комиссия түзүү маселеси көтөрүлгөн. Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) 100дөн ашык паспортту өлкөдөн чыгарып бараткан адамды кармаган. Андан соң министр 25-апрелде Фейсбуктагы баракчасына Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинде паспорт мафиясы күчөгөнүн жазып чыккан.
Булак: “Майдан. kg” гезити