АКШ долларынын куну түшкөн менен ага байланышкан импорттук товарлардын баасы баягыдай эле кармалууда. Мисалы, күнүмдүк турмушубуздагы эң керектүү болгон күйүүчү, майлоочу майдын баасы бир орунда катып калды. Мисалы, азыр Бишкектин май куючу жайларында эң көп колдонулган АИ-92 бензини 62,90 сомдон сатылууда. Ал эми кабарчыбыз эки жума мурда ушул эле бензин эң алыскы Лейлек районунда 72 сомдон экендигине күбө болуп келди. Мурда борбор менен аймактардагы бензиндин баасынын айырмачылыгы 1-2 сомдон ашчу эмес.

Ошол эле учурда Кыргызстан мунайды Россиядан рубль менен сатып ала баштагандыгы да айтылды. Бул тууралуу 25-майда Жогорку Кеңештин жыйынында Монополияны жөнгө салуу кызматынын төрагасы Кеңешбай Тайлаков билдирди.

Депутат Дастан Бекешев доллардын курсу төмөндөсө да күйүүчү майдын баасы эмне себептен түшпөй жатканын сурады. “Бизге Монополияны жөнгө салуу агенттиги доллардын курсунун жогорулоосу менен күйүүчү майдын баасы да өсүп жатканын айткан. Андан бери доллардын курсу такыр башкача болуп калды, бирок күйүүчү майдын баасы мурдагыдай эле. Суроо: баа кайра каралып чыгабы?”, - деди ал.

Тайлаков импортерлор күйүүчү-майлоочу майды орус рубли менен сатып алып жатышканын билдирди. “Бүгүнкү күндө нефтетрейдерлердин 70% күйүүчү майды рублга сатып алып жатат. 20 күндөн бери ушундай болуп жатат. Калган 30% төлөмдү доллар менен жүргүзүүнү улантууда”, - деди ал.

Дастан Бекешев Кыргызстан күйүүчү майды пайдасыз шартта - кайсы валюта кымбат болсо, ошол акча менен сатып алып жатканына ачууланды. Ал төлөмдү бир валюта менен жүргүзүүнү бекитүүгө чакырды.

Айтор, мунай бизнеси менен алектенгендер бирде долларды, бирде рублду шылтоолоп бааны көтөргөн бойдон сактап калып, карапайым элдин чөнтөгүн каңтарууда.

Булак: “Майдан. kg” гезити