Бишкектеги борбордук мечит бузулуп, ордуна жаңысы салынат. Муфтияттын маалыматы боюнча, Москва/Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан мечит бир айдын ичинде бузулат, мындай чечим өткөн жумада кабыл алынган. “Биз эски мечиттин ордуна сыйымдуулугу көп жаңысын салабыз. Эски мечит 5 миң адамга ылайыкталган, жаңысы 10 миң кишилик болот. Андан тышкары, шаардагы унаалардын көптүгүн эске алып, жер астындагы унаа токтотуучу жай да каралмакчы”,- деп билдиришти муфтияттын басма сөз кызматынан.

КМДБдан учурда имараттын долбоору иштелип жатканын, бирок муфтият имараттын дубалдарына кыргыз колоритин, башкача айтканда, оймо-чиймелерди түшүрүүнү караштырып жаткандыгын кошумчалашты. “Бузулгандан кийин жаңы мечитке дароо капсула салынат. Жаңы мечит бир гана демөөрчүлөрдүн каражатына салынат”,- дешти муфтияттан.

Бирок муфтият жаңы борбордук мечиттин курулушуна канча акча керектигин, аны кимдер бере тургандыгы тууралуу маалымат тараткан жок.

Кандай болсо да калкыбыздын санынын 80%ын мусулмандар түзгөндүктөн, алардын башкы намазга жыгылган ыйык жайынын кайра курулушу жакшы деңизчи. Бирок кайра эле автотыгын жаралбайбы деген суроо туулат. Анткени азыркы мечит шаардын чок ортосунда жайгашкан, тегерек-чети жалаң турак-жай, соода түйүндөрү жана мекемелердин имараттары менен курчалган. Демек, аянтын кеңейтүүгө мүмкүн эмес. Болгону эки кабат кылып куруу менен сыйымдуулугу 5 миңден 10 миң адамга көбөйөт экен. Тилекке каршы автотыгын көйгөйү жоюлат деп айтууга болбойт. Ар бир намазга жыгылган мусулман бирден машина менен келип, аны токтотуу чоң көйгөй бойдон кала бере тургандай. Андыктан жаңы борбордук мечитти деле шаардын сырт жагына чыгарса жакшы болмок.

Булак: “Майдан. kg” гезити