- "Соодагерлердин соодасы контролдук-кассалык машина аркылуу жүргүзсүн"- деген атайын  Жарлыкты Министрлер Кабинети чыгарган эле. Жарлык чыгаары менен ири «Дордой» соода борборунун сатуучулары наразы болуп контролдук-кассалык машинаны койдурганга каршы митингге чыгышкан. Андан кийин башка соода базарларынын сатуучулары дагы каршылык нааразы акцияга чыгышты. Эми кечээ күнү соодагерлер дагы ККМ койдуруга каршы митинг уюштуруп, "контролдук-кассалык машинага эл каршы" -дешти. 

Бизди таң калтырганы - Салык кызматы түз, так жооп бергени жок. Бакылдаган лидерлер: «Карапайым эл өзү оокатын кылып жатса өкмөт эмнеге элге кысым жаратып жатасыңар?» - дешти.  Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери митингчилерден "кайсы карапайым эл каршы чыгып жатат?" деп сурай алган жок.  Митингде жалаң соодагерлер жеке кызыкчылыгын коргоого келген. Өкмөткө түздөн түз провокация кылууда мындай кадам  өлкөгө коркунуч алып келет. Экономикага  сокку урулат.

Биз жарандык коом соодагерлер контролдук-кассалык машина аркылуу соода кылуусун талап кылабыз. Себеби ар буюм, азык- түлүк, керектөөчү товарлар - бардыгына электрондук көзөмөлдүн болушу  мезгил талабы. Эгерде соодагерлер жасалма түрдө митингге чыгып өкмөткө басым кылса, биз жарандык коом дагы соодагерлердин талабына каршы митингге чыгабыз.