- Кадыр агай, президент Садыр Жапаров “Улуттук нарк жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул жарлык эмнеси менен маанилүү? 

- Чынын айтканда, нарктуулук жөнүндөгү жарлыктын чыгышы өтө мааниүү окуя болду деп эсептейм. Бул кайсы бир деңгээлде жаңы Конституциядагы улуттук нарк-насил, дөөлөт, мурастар  маселесин  андан ары  мыйзам чегинде бекемдөө болду. Ошондой эле президент Садыр Жапаров президенттик кызматка киришип жатып, чыгарган “инсандын  руханий кайра жаралуусу, дене тарбиясы жөнүндөгү” жарлыгы дагы  мына ушул улуттук нарк жөнүндөгү жарлык менен үндөш. Мындайча айтканда, ордунан жылып баратат десек болот. Эмне болгон  күндө дагы жарлык, мыйзамдардын чыкканы жакшы. Бирок, аны системалуу ишке ашыруу  механизмдеринин үстүнөн туруктуу иш алып барбаса, ал кагаздагы эле сөз боюнча калып калат. Мисалы, коммунисттердин жакшы жагын алышыбыз керек. Алар тээ Москвадан мыйзам чыгарабы, буйрук чыгарабы ошону ишке  ашыруучу  иш пландарын түзүп алып, анын аткарылыш боюнча  иштерди туруктуу жүргүзүшчү. Ал эми бизде болсо кээде сөз боюнча калып калган учурлар албетте өкүнүчтүү.

Бирок нарктуулук маселеси улам дембе-дем коюлуп жатышы бир жагынан турмуш өзү  талап кылууда. Себеби, ар кандай идеология бир кыргыз элин туш-тарапка бөлүп, жарып жаткан учурда  жашап жатабыз. Партиялар элди өзүнүн кызыкчылыгына колдонгусу келет. Ошондой эле НПОлор, диний  агымдар да элди өзүнүн кызыкчылыктарына пайдаланууда. Бир бүтүн кыргыз элин ар кандай кызыкчылыктар менен ар тарапка тартып жаткан учурда нарктуулук жөнүндөгү жарлыктын чыкканы өзү жакшы болду. Себеби, бүгүнкү күндө элдин башын бириктирип, бир нукка сала турган  чоң маанилүү түптүү идея керек болчу. Ошол идея нарктуулук деп эсептейм.

Нарктуулук атанын каны, эненин сүтү менен муундан  муунга мурасталып келе жаткан жандуу баалуулук деп эсептейм. Албетте, түптүү негизги маселелер уютку катары кала берип, бирок, турмуштун өзү менен кошо толукталып жүрүп отурат деген ойдомун. Илимде улуттук иденттүүлүк  деген түшүнүк бар. Мен нарктуулукту кыргыз элинин улуттук менталитетин, иденттүүлүгүн аныктап турган автопортрети сыяктуу баалайм. Нарктуулуктун жолу түбү барып, аруулукка, адилеттүүлүккө, айкөлдүккө  алып бара турган жол деп эсептейм. Ошондуктан, өзөктүү, өтө маанилүү маселе көтөрүлүп жатат. Бөлүнүп, жарылып, чачырап турган элди бириктире турган эң негизги өзөктүк идея ушул улуттук баалулуктардын негизин түзгөн, ата-бабадан келе жаткан  кыргыз коомун сактап келген нарктуу беш устун: Үй бүлө, Аксакалдык, Бийлер, Элдик Курултай институттары жана хандык бийлик.

Хандык  бийлик президенттик башкаруу менен алмашты. Бийлер менен Элдик курултайдын кээ бир миссиялары, мамлекеттик бийлик структураларына өттү. Ошого карабастан, аларды заманбап өз функцияларын аткарта турган маселелер бар. Аларды мыйзамдар менен өз ордуна алып келүү аракеттери жүрүп жатат. Мисалы, сөзүм куру болбош үчүн бир эле бийлер жөнүндө сөз кылайын. Азыркы күндө жамандык жакшылыкта айылдарга барсаңыз, маселени айыл өкмөттүн өкүлдөрү эмес, элдер өздөрү шайлап алган бийлер маселелерди  чечет. Демек, бийлер биротоло жок болуп кеткен жок. Аны заманбап кайра колдонсок болот деген сөз. Ал эми үй-бүлө, аксакалдар институттары  шартына жараша азыр да өз озуйпасын аткарып жатат. “Аксакалдар дүжүр болуп кетти”- деген сындар айтылганы менен кыргыз коомун салттуу институттар сактап келе жатат. Ушунун баарын шурудай тизип, орду орду менен колдонуу нарктуулуктун жолуна түшүү дегенди билдирет. Бул өтө маанилүү  маселе. Аны мыйзамдар, жарлыктар менен кайрадан жаңылап туруу бул биздин эс тутумубуздагы маанилүү элди  сактап келген өзгөчө бир дем, дух, жандуу эл менен кошо жашап келаткан  баалулукту кайрадан жаңыртып, турмушка ылайык колдоно билүү элдүүлүктү сактоого зор мааниси бар деп эсептейм.

- “Азыркы туташ кризистен Айкөлдүктүн ак жолу алып чыгат. Нарктуулук-Айкөлдүк!”- деген пост жаздыңыз. Нарктуулуктун бир тарабы айкөлдүкпү?

 - Кыргызда “Хан бийлигинен нарк күчтүү” деген сөз бар. Хандагы, бек дагы баары илгертен  келаткан наркка баш ийген, салттуу эрежелерди аттап кеткен эмес. Элдүүлүктүн жолун бийик койгон. Эл да жол түздөйт деген маселе ушул жерден даана көрүнүп жатат. Биз өз жолубузга кайтпасак, ар кандай ички тышкы таасирлерден улам багытыбыз  тумандап, туташ кризистен чыга албайбыз. Канткенде дагы нарктуулуктун түбү барып, аруулукка,  тазалыкка, адилеттүүлүккө, айкөлдүккө алып барат. Айкөлдүктүн жолу бир эле кыргызды эмес, бүтүндөй адамзаты туташ кризистен, туңгуюктан чыгарат. Айтайын дегеним, жалпы адамзатты туңгуюктан  чыгарууга дарамети жете турган бийик руханий, жүрүм-турум эрежелерине жык толгон кыргыздын нарктуу жолу, айкөлдүктүн жолу азыркы адашуудан сактап калат деп ойлойм.

- Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов менен нарктуулук маселесинин алкагында  жолугуптурсуз. Эмнелерди сүйлөштүңөр?

- КРнын Мамлекеттик катчысы С.С.Касмамбетов менен көзмө көз жолугуп, улуттук маанидеги ого эле көп маселелер жөнүндө сүйлөштүм.  Кептин нугу көбүн эсе жаңы эле жарык көргөн “Нарктуулук жөнүндөгү” президент кол койгон Жарлык туурасында болду. Ош шаарында өткөн “Куттуу Эл” форумунда Мамкатчынын кагаз карабай сүйлөгөн жандуу сөзү көпчүлүктүн купулуна толуп, жакшы резонанс жаратканын белгилөө менен практикалык иштерди колго алуу зарылдыгына токтолдум.  Баарлашуунун жүрүшүндө билим берүү, маданият, тил, адам фактору, элдик өнөрлөр, салттуу жөрөлгөлөр жана башка маселелер жөнүндө пикир алыштык. Биргеликте иш алып баруу боюнча болочок иш-пландар жөнүндө кеңештик. Айтор ача кеткен жолдорду улут уңгусуна, нарктуулуктун багытына бурууга мезгил келгендигин тереңден түшүнүштүк. Манасчынын уулу, мамлекеттик кызматкер Сүйүнбек аганын жумушчу бөлмөсүндө кыргыздын комузу тек гана илинип турбастан, сөз жетпей калган жерде кара күүлөрдүн кайрыктары кабинет ээсинин колу менен заматта таңшый баштаганына күбө болдум. Анан да Мамкатчынын “НАРК-биздин идеология”- деген сөзү жакты.

Бири кем дүнүйө толуктала түшкөндөй, жоготконду таап алгандай жакшы маанайда, жаркын тилектер менен коштошпой, кайра ийин тийиштире иштешүүгө макулдашып тарадык. Бийик максат, бир багыт, тынымсыз аракет болгон жерде ийгилик жаралат. Жалпы элибизде ынтымак, биримдик, бакубатчылык болсун!

Булак: "Майдан. kg" гезити