- Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Улуттук нарк жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул жарлык улуттук наркка басым кылдырабы?
- Президенттин “Улуттук нарк жөнүндөгү” жарлыгы көпчүлүк тараптан күтүлүп жаткан эле. Убагында чыкты. Эми бул маанилүү документти туура колдонуп жеке кызыкчылыктан арылып, өлкөнүн улуттун көрөңгөсү катары даңазалап алышыбыз керек. Жарлыкта, негизинен 4 пункт боюнча токтом кылынган: диний ишенимдердин жана каада-салттын баалуулуктарын бири-бирине карама-каршы койбоо; чөлкөмдүк, этникалык жана материалдык кызыкчылыктардан улуттук аң-сезимдин артыкчылыгы; өлкөнүн эң негизги ресурсу катары салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды жайылтуунун артыкчылыгы; мамлекеттик тилге жана тарыхый баалуулуктарга өзгөчө көңүл буруу. Бул ойлорго терең көңүл бөлсөк, кыргыздын кылымдарды карыткан турмушундагы эң маанилүү принциптери жөнүндө кеп козголуп жатат. Кыргыз улутунун наркы көп кылымдар ичи синтезделип отуруп, элибизди улут катары сакталып калышына, анын аң-сезиминин өзгөчө түрүнө ээ болушуна чечүүчү ролду ойноп келген. Бул өтө маанилүү. Муну жеңил-желпи караган көптөгөн этностор тарыхтын ырайымсыз бүктөмдөрүндө жашынып калып жоюлуп кеткен. Ошондуктан, бул документти ишке ашырууда биз жалкоолукка же кенебестикке багынып, уйкусурап же ээлеген кызматтын убайын көрүп жүргөнүбүз кылмышка тете болот. Мен ушундан чочулап турам. Анткени, кээ бир жогорку кызматтагылар дал ошол мен айткан арам ойлорго жетеленип жүрүшөт. Кызматына чиренип, калп эле көбүк иш-чараларды өткөрүмүш болуп, өктөм сүйлөп, элдин башын курулай лозунгдар менен айлантып жүргөндөрү канча? Президенттин бул Жарлыгын аткарууда конкреттүү иштерди аткаруубуз абзел!
- Аталган жарлык уңгубузду тапканга шарт түзөбү же салт-санаабызды аздектөөгө жол ачабы? Ааламдашуу мезгилинде мындай жарлыктын пайдасы чоң десек болобу?
- Азыр кезегинде дүңгүрөгөн ааламдашуу процессинин өзү алапайын таппай жаткан мезгили. Учурда болуп жаткан Россия-Украина-НАТО конфликтери дүйнө жүзүнө, анын ичинде гегемонбуз деген Батыш өлкөлөрүнө өтө зор геосаясаттык өзгөрүүлөрдү алып келди. Европа, АКШ мурда болуп көрбөгөндөй өзгөрүүлөргө дуушар болгону калды. Чыгыш жана Түштүк-Чыгыш мамлекеттери да өздөрүнүн амбицияларын (айрыкча экономикалы жана финансылык) таңуулап киришти. Демек, кескин геосаясый өзгөрүүлөр орун алат. Ошондуктан, акыл калчаган өлкөлөр өз этносторунун иденттүүлүгүнө басым жасай башташты. Биз дагы ошол жолго ыкчам жана бачым киришишибиз абзел. Президенттин кечээги Жарлыгынын мааниси ушунда. Болбогон бир кыйраткыч ойлорго же кадамдарга жетеленбей, “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып” биргелешип иштөө кезеги келди! Салтыбызды аздектөө жолу менен гана биз, ийгиликке жетишип, ааламдан өз ордубузду таба алабыз.
- Кыргыз коомун сактап келген нарктуу төрт устуну – үй-бүлө, Аксакалдык, Бийлер, Элдик Курултай институттары дегенге ынанасызбы?
- Сиз санаган баалуулуктар кыргыздын каада-салтынын, демек наркынын эң маанилүү элементтери. Бийлер дегенди гана кошо албайм. Анткени, бул түшүнүктүн кыргыз наркына коошпогон жактары бар. Анын түшүнүгү наадан бийлердин азабынан терс мааниге ээ болуп калган. Үй-бүлө менен аксакалдык баалуулуктар кыргыздын чыныгы сапаттарына кирет. Ошонун дагы Аксакал деген ыйык түшүнүгүн кезегинде бир саясатчы болумуш болгон тантырак макулук башкача атап салып, акылы тайкы жаштардын кыйраткыч куралына айлантып жибербедиби?! Ушундай акмакчылыктардан алыс болсок! Элдик Курултайдын оң энергетикасы бар. Ал азыр конституциялык норма болуп калды. Бирок, бул жерде дагы бир ойлоно турган маселе бар. Аны кээ бир баштары түз эле жерден шишип кеткен адамдар өз кызыкчылыктарына пайдаланып жүрүшөт. Ары тарт, бери тарт кылышып, көкбөрүгө айлантып алышкан. Кээ бир амбициялары ашкан макулуктар Курултайды парламентке каршы коюп жатышат. Курултайдын делегаттарынын аброюн эң алдыңкы орунга чыгарып алууну көздөп келишет. Ошондуктан, өткөндө Курултай жөнүндөгү мыйзам, чү дегенде эле ЖКнын Комитетинен өтпөй калды. Бир жыйырмадай адамдар Курултайды “курутуп” жүрүшөт. Алардын жаагы тыйылмайын Курултай чыныгы элдик институтка айлана албайт. Мындан ары бул жакшы долбоорду такыр башка жол менен калыптандырып кетүүбүз абзел. Жаштардын аракеттери начар болууда!
- Нарктуулук-улуттук иденттүүлүктү аныктап турган кыргыздын автопортерти дегенге кошуласызбы?
- Нарктуулук кыргыз элибиздин эң маанилүү касиети. Ооба, ал айкөлдүк менен тыгыз байланышкан. Бизден башка элдерде бул сапат жокко эсе. Айрыкча, либералдык Батышта. Алар үчүн эгоизм биринчи орунда. Алардын башкы ойлору акча, байлык менен гана байланышкан. Ошондуктан аларда кийинки жылдары үй-бүлө, аксакалдар институттары жоюлуп бара жатат. Биз алардан үлгү албашыбыз керек. Манас-Айкөлдүн образы менен эле жашаганыбыз оң. Анан калган элдик жакшы сапаттарыбыз анын туундусу катары кете берет!
- Бул жарлыктын кыргыз тилин өнүктүрүүгө, кадырын көтөрүүгө жардамы тийеби?
- Президенттин нарктуулук боюнча Жарлыгы кыргыз тилинин өнүгүүсүнө, албетте, чоң жардамы тийет. Биз азыр ушул маселенин үстүндө иштей баштадык. Жарлыктын атайын пунктунда кыргыз тилинин мааниси азыркы кызматкерди калыптандырууда өзгөчө болоору катуу белгиленген. Бул жөн эле курулай кеп болуп калбашы үчүн, биз конкреттүү иш - чараларды жүзөгө ашырышыбыз керек.
- “Улуттук киноиндустрияны өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо системасын мындан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол коюлду. Бул жарлык кыргыз кереметин жаратууга салым кошобу?
- Мага айрыкча, улуттук телесериалдар менен кино индустриясын өнүктүрүүгө арналган иш-чаралары жакты. Азыркы күндө аталаган жанрлар дүйнөдө өтө эффективдүү куралга айланган. Биз дагы ушулардын баарын нукура кыргыз тилинде жаратып, элибиздин каада-салтын, нарк-насилин, үрп-адаттарын, айкөлдүк мүнөздөрүн чагылдырышыбыз керек. Катар-катар мультсериалдарды дагы кыргыз тилинде тарта баштасак жакшы болоор эле. Ушул багытта аракеттерди кылабыз, буюрса!
- Баса, жогорку даражалуу кызмат адамдарынын жардамчы-кеңешчилерин, шефтери ким экендигине карабастан кылмыш иштери козголуп, камакка алынууда. Президентттин бул кадамдары колдоого татыйбы?
- Мен президент Садыр Жапаровдун коррупцияга каршы күрөшүн активдүү колдоп келген саясатчылардын биримин. Өзү, коррупция маселеси бизде, Кыргызстанда абдан өзгөчөлүктүү абалга өтүп алган экен. Анын жугуштуу оорусу ушундай таралган белем, ал коомубуздун баардык тармактарына кадимкидей эле жармашып, сүлүк курт болуп соруп, элди алсыратып бүтүптүр! Уят, абийир, намыс жана нысап деген түшүнүктөр такыр эле жоголуп кеткен тура?! Ошондуктан, президенттин ыкчам аракети карапайым элди биротоло үмүттөндүрүп койду. Муз ордунан жылды десек болот. Анткени, бир жарым жылдын ичинде эле канчалаган коррупцияга шектүүлөргө кылмыш иштери козголду! Алар жан талашып, уурдаган каражаттарын казынага төгө башташты. УКМКнын жетекчилиги дагы президенттин тапшырмаларын бурчатбай аткарууга киришти. Албетте, каршылыктар көп болууда. Ал деле түшүнүктүү эмеспи! Бала-бакчадан баштап, ири кен байлыктарга чейин уурдап, байлыкка туйтунган эргулдар жөн эле баш ийип отуруп беришпейт экен го? Ошондуктан бирин камап, тергөө иштерин баштап отурушса, экинчиси жалкып калгандын ордуна ошол эле жол менен коррупциялык иштерге кириптер болуп отурушат! Таң каласың? Коркуп же жалтанып коюшпайт? Демек, мындан дагы катуу жана ырайымсыз чараларды колдоно турган мезгил келди окшойт! Эл, албетте, колдойт! Антпесек, өлкөбүздүн келечегине жана коопсуздугуна шек келе баштады! Президенттин акыркы мезгилдердеги чечкиндүү кадрдык дайындоолору дагы ушундай аракеттердин башталышы болуп жаткандай. Өлкөнүн келечеги үчүн таза жана кесипкөй адамдардын башкаруу органдарына тартылышы мезгилдин талабы болуп турат!
- Президенттин “Эл үмүтү” стипендиясы студенттерге стимул болобу?
- Жаштар биздин келечегибиз. Алардын авангардында албетте студенттер турушат. Алардын ичинен чындап сапаттуу билим алам дегендери арбын. Демек, алдыңкы окуган студенттерибиз гана өлкөнү алдыга тарта турган интеллектуалдуу күч боло алышат. Мындай уул-кыздарыбыз колдоого муктаж. Тилекке каршы, алардын басымдуу көпчүлүгүнүн жетишээрлик каржылары жок болгондуктан, окуудан да аксап калгандары жок эмес! Ошондуктан, президент Садыр Жапаров “Эл үмүтү” стипендиясын ыйгарып эң туура кадамдарга барып жатат! Башка маселе, эми ошол колдоолор акыйкат жана адилет чечилеби? Же дагы тааныш-билиш болуп кетеби? Муну аткаруучулар катуу колго алуулары керек!
- Президент мындан тышкары бир топ социалдык жактан оор катмарлардын айлыгын көтөрдү. Энелерди сыйлады. Анын бул аракеттери колдоого татыйбы?
- Президентибиздин энелерди сыйлоо вазийпасы абдан эффективдүү болду. Өз көзүбүз менен көрүп турдук го? Канчалаган сүйүнүчтөр орун алды. Энелерге өзгөчө басым жасалганы - бул өлкөбүздүн келечегине болгон зор камкордук! Мунун идеологиялык мааниси терең жана баалуу. Бул кадам сөздөн улам конкреттүү ишке өткөндүктүн белгиси. Социалдык сферада кандай гана оор маселелер орун алганын баарыбыз билебиз го? Эми бул жактан алга жылуулар болуп жаткандыктан, албетте, президентти активдүү колдоп туруубуз зарыл.
- Эдил Байсаловдун “бийлик таза иштеп жатат” дегенине ынансак болобу?
- Азыркы бийликте ким таза иштеп жатканын эл өзү эле баалай баштады. Менимче Эдил Жолдубаевич ошол жагына басым жасап жатат. Кандай болгон күндө дагы ар бир чиновниктин жекече бейнеси калктын калың катмарына билине баштады. Азыр бийликте отургандардын өздүк турпаттарына катуу көңүл бурулуп жатат. Мурдагыдай эт менен челдин ортосуна батып алып, сүлүк курт боло тургандардын күнү бүтүп бара жатат го!
- Баса, сиз кызматка жаңы дайындалганда “Фейсбукка” тоголок кат жарыяланды. Ага кандай жооп кайтарасыз?
- Мен кечээги Фейсбук аркылуу өз дарегиме багытталган “тоголок кат” кейпин кийген фейктик маалыматка көңүл деле бурбай, “өз ишимди чын пейилден, таза уланта берейинчи”- деп чечкен болчумун. Бирок, бул жалаа уул-кыздарыма, байбичеме, анан өзгөчө жакшы санаалаш жакындарыма катуу тийиптир. Алар мен жөнүндөгү маалыматты жакындан билген адамдар катары өздөрүнүн катуу кыжырданууларын чын жүрөктөрүнөн билдиришип жатышат. Мен болсо: “Койгула, аты-жыты белгисиз макулук менен жаакташып отурууга убактым дагы, көңүлүм дагы жок!”- деп койгомун. Ошондой болсо дагы кыскача маалымат берип коюм туура көрүнөт. Кыргызда “Айтылган сөз, атылган ок!” - деген макал бар. Анын маанисин кыргыз кадырлап сезип, тээ "атам замандан" бери эле сөздү этият кылып колдонуп келет эмеспи?! Ошондуктан, ушак айтуу, жалган сүйлөө кыргыз элинин каада-салтынын эң булганычтуу өңүтү катары сезилип, андай адатты катуу жектеп, жазалап келген. Керек болсо элдин ичин аралап баскыс кылып салган учурлар дагы болгон. Тилекке каршы, бүгүнкү кыргыздын жашоосунда тиги жаман адаттар кадыресе эле “согуш куралына” айланып кетти! Мен өз өмүрүмдө бир топ эле окуяларды баштан кечирдим! Бирок, деги эле бирөөнүн дарегине ушак айтмак же жазмак турсун, анын аброюна акаарат шек келтирген ойду деле ойлонгон жан эмесмин. А бирок, өз дарегиме каршы айтылган, жалган ушактарды бир нече жолу угуп, чыдап жана сабыр кылып келе жатам. Кечээги жалган фейктик асылуунун бир таң калаарлык жагы бар. Анткени, бул “чабуул” мен кандайдыр бир мамлекеттик кызматка кабыл алынганда гана “жарык көрүп”, анан ошол мезгилге “ыңгайланган” толуктоолор менен күчөп калат! Мисалы, министр, дин комиссиясына башчы, ЖКга депутат болгондо регулярдуу түрдө жарыяланып келди. Бул сапаркысы деле ошондой! Расмий түрдө билдирип коёюн. Мунун баары, албетте, жалган! Өтө чоң "чеберчилик жана наадандык" менен көө жабыш үчүн ойлоп чыгылган ушак. Ооба, мындай “аракеттер” кээде “өз жемишин” берет экен! Мисалы, бир эле адамдын көрсөтмөсү менен студенттерден “пара алды” деген жалаанын азабын 5 жыл тарттым. Акыры соттун 3 баскычынан тең толук акталып чыктым. Андан ары "бала-чакасы менен чет өлкөлөрдө сейилдеп жүрөт" деген курулай дооматтары дагы суу кечпей ошол кездеги өкмөттөн сөгүш гана алдырып тынышты. Ошондо дагы ал жаза, кээ бир атаандаш чиновниктердин “каалоосу жана наадандык аракеттери” менен ишке ашып кетти. Кандайдыр бир аргументтерди келтиримиш болуп, "ягода-ежов- бериянын" жан алгычтарынын тилинде жана стилинде "донос" катары жазган адам, ошол эле мен жетектеген комиссияда иштеген агент болуп чыккан, тобоо! Кийинкисинде дагы, мага асылууга эч болбосо бир себеп издеп жүрүшкөн күчтөрдүн аракетинен улам саясий мотив жана куугунтук жеп 4 ай ТИЗОго олтуруп чыктым. Ал адамдардын аттарын билем. Убагы келгенде ачыкка чыгат. Эгер жогорку айыптардын эч болбосо бирөөсү чындык болсо мени эчак эле түрмөгө тыгып коюшмак! Эми болсо, жогорудагы жалаалардын баарын топтоп туруп, “чыгармалар жыйнагы” катары көркөмдөп, интернетке фейк формасында жарыялап отурушат. Болгону эле ушул, урматтуу мекендештерим!
Менин жашоо шартым Кудайга шүгүр. Эл катары эле стандарттуу батирде күн кечирип келем. Жашоомо жана тагдырыма ыраазымын. Өз аракетим менен эле эл ичинде татыктуу абалга ээ боло алдым! Азыркы кызматты президентибиз Садыр Нургожоевич өзү чакырып алып сунуштады. Кесибим боюнча айтып кыйылсам. Улуттук тил комиссиясына тажрыйбалуу менеджер керектигин айтты. Аргументти мен ынана турган мисалдар менен толуктады. Мен ал кишинин ишеничине ыраазычылык айтып макул болдум. Эмгек жамааты жакшы кабыл алды. Министрлер Кабинетинин башчысынын орун басары Эдил Байсалов мырза мени коллектив менен тааныштырды. Комиссиянын мурдагы башчысы, академик Сыртбай Мусаев өз ыктыяры менен арыз жазып, илимге кайта турганын айтып, баарыбыз менен жылуу коштошту. Ишти баштап жатабыз. Албетте, турмуштук тажрыйбамды, илим-билимимди өзүм үчүн ыйык болгон Кыргыз Тилимин өнүгүүсүнө арнайм.
Урматтуу мекендештер, бизди азыр бириктире турган курал - бул эне тилибиз, каада-салтыбыз, улуттук идеологиябыз! “Өсөйүн десе бир кыргыз, өлүп алат миң кыргыз!” - деген арман макалга жем болбойлу. Мен өзүм болсо жаңы кызматка миң эселенген кайрат жана күч менен кирип бара жатам. Сиздерден колдоо, жардам гана күтөм!
Чынайым Кутманалиева, Булак: "Майдан. kg" гезити