Орусиянын президенти Владимир Путин 29-майды Евразия биримдигинин күнү катары бекитүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында билдирди.
«Ошентип, биздин өлкөлөрдүн календарында дагы бир маанилүү күн пайда болот», - деп белгиледи орус лидери.
Кыязы, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин башчылары бул чечимди бүгүн бекитет.
Бул дата Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө келишимге кол коюунун кийинки жылдыгына арналды. Документке 2014-жылдын 29-майында кол коюлган.
Булак: vesti.kg