"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаров Жогорку Кеңештин жыйынында буга чейин айтып келген маселесин дагы көтөрдү. 

Ал Баткенде айылдардын ортосуна да пост коюлганын, бул айыл элинин ээн-эркин кыймылына тоскоолдук жаратып жатканын белгиледи. 

Буга чейин "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын бир нече депутаты Баткен, Ош аймактарына иш сапарга барышкан. Ошол жерден жергиликтүү айдоочулардын бири депутаттарга көзөмөл-өткөрмө пунктунан өтүп жатышканда анда турган Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери акча талап кылаарын айткан. Бул билдирүүгө таянуу менен Адахан Мадумаров УКМКнын дарегине сын пикир айтууну адатка айлантты. 

Кийинчерээк, УКМК депутаттардын билдирүүсүнө тактоо киргизип, ага даттанган айдоочунун өздүгү тууралуу маалыматты жарыялаган. Маалым болгондой, Мадумаровго "бизден акча алышат", - деп айткан тургун ошол аймактын ири контрабандачылардын биринин бир тууган агасы болуп чыккан. Иниси ири контрабандачы, агасы ага жардамчы катары бир нече жолу Тажикстанга товарларды мыйзамсыз ташып баратышканда кармалышкан экен. Мындан улам контрабандачылардын "бизнесине" көзөмөл-өткөрүү пунктары тоскоолдук жараткандыктан, алар мүмкүнчүлүктү куру кетирбей, жалган жалаа жабууга аракеттенишери түшүнүктүү болгон. 

Бирок бир айдоочунун даттануусуна таянуу менен УКМКнын абройуна көө жабууну каалаган Мадумаров билдирүүсүнө кеңири түшүндүрмө берилгенден кийин да токтобойт окшойт. Былтыр жазында кыргыз-тажик чек арасында ок атылып, бир нече кыргызстандыктын өмүрүн алып кеткен жаңжалдан кийин кыргыз коомчулугу тийиштүү кызматтардан Тажикстанга мыйзамсыз товар ташыгандарды тыюуну талап кылышкан. Ал талапты аткаруу үстүндө УКМК жигердүү аракеттенип жатат. Дээрлик күн сайын ар кандай товарларды коңшу өлкөгө жашыруун чыгарып кетүүгө аракеттенгендер кармалып жатат. Кыязы, Мадумаровду бул кызыктырбайт окшойт.