Мамлекеттик катчынын милдети эмне? Ал  - улуттук идеологияны калыптандырып, элди ошол багытка ээрчитүү. Бул өңүттөн алып караганда Сүйүнбек Касмамбетов өз милдетин өтө жогорку деңгээлде аткарып жатат.

Учурдагы КР Мамлекеттик катчысы С.Касмамбетов көп жылдан бери мамлекеттик кызматтарда иштеп, ал жаатта олуттуу тажрыйба чогулткан. Өзү манасчынын уулу, бала чагынан кыргыздын нарк-нисилине каныгып өскөн. Анысын айткан нускалуу сөздөрү менен далилдеп келатат. Ар кандай жолугушууларда, жыйындарда ар бир сөзүндө ата-бабалардан калган нускалуу кептерди айтып, аны өсүп келаткан муундун, учурдагы өткөнүн унутуп бараткан муундун аң сезимине сиңирүүгө аракеттенип келатат. Ага бир мисал айта кетели.

“Жигиттик кол берүүнүн касиети кайтып турган заман. Маңдайында туруп, жакшы суроону берип, кайра эшикке чыгып абийириңди төгүп жазып атат. Абийир дегенге кыргыз наркынан дагы айтып берейин. Жоокерчилик заманда, калмактын жигиттери келип кыргыздарды жеңе албай коет. Калмактардын ханы вазирин чакырып: “Мунун сырын чечип келчи, эмне болуп жатат? Алакандай элди байлап келиш оңой эле го”, - дейт. Вазири хандын тапшырмасын аткарып, кыргыздын жүз кызын туткунга алып келет. “Ханым, кыргызымдын жүргөнү аска-тоонун кызы экен, жеген-ичкен тамагы асел менен туз экен. Каптап келген душманга кабактары суз экен. Ханым, кечээ байлап келген 100 кыз бүтүн бойдон кыз экен”, - дегенде, хан ордунан тура калып: “Этегин шамалдан башка эч ким ачпаган, эрлерине ок жанын сактаган. Абийирин күйөөгө чыккыча сактаган кыздары бар элдин, ал кыздардан туулган уулдарды биз жеңе албайбыз. Тарткыла, жигиттер, атты!” – деген. Абийир менен журтту көкөлөтүп, абийир менен журтту сактаса болот экен. Кыргызда жазылбаган “эл көрсө эмне болот?” деген мыйзам бар. Ушул сөз менен бир журттун абийири жабылып кала берген. Ушул сөз менен муундар тарбияланган, жаманды жашырып, жакшыны ашырганбыз”, - деп айтканында билген адамда эмне деген тарбия жатат. Биз бир гана мисалын келтирдик, мындай нускалуу сөздөрү абдан көп. Ушундай сөздөр менен учурдагы жана өсүп келаткан муунду тарбиялап, улуттун улуулугун даңазаласа болот. Адамды билиш үчүн анын айтып жаткандарына кулак салуу жетиштүү, андан Касмамбетов кыргыздын табиятын өзүнө сиңирген инсан экени көрүнүп турат.

Ал эми “Мамлекеттик катчы эмне кылып жүрөт?”- деген сыяктуу сөздү айтып, сындап жаткан азыркы кездин жугундукорлоруна эмне жооп айтыш керек? Мамлекеттик катчы өзүн пиарлоого, жасап жаткан ар бир ишин коомчулуктун көзүнө чыгарууга милдеттүү эмес, ал коомду унутта калган ата салтына, нарк-насилине кайра кайтаруучу чыйырды гана салат.

Бул кызмат 2021-жылы жанданды. Ага чейин канча бир жыл Мамлекеттик катчысыз жашадык. Президент Садыр Жапаров унутта калган кызматты жандандыруусун салттуу үй-бүлөлүк мамилелерди бекемдөө, ааламдашуунун шартында нарк-улуттук нарк-дөөлөттөрдү сактоо зарылдыгы менен түшүндүргөн. Мындай өтө маанилүү милдет ошол нарк-дөөлөттү тааный билген адамга тапшырылбаса, кызматтын миссиясы максатына жетпей калмак.  Президент бул жаатта көрөгөчтүк кылып Сүйүнбек Касмамбетовду дайындады, ал болсо өз кезегинде милдетин татыктуу аткарып жатат.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити