Муз ордунан козголду. 2010-жылдын июнундагы Ош окуясына күнѳѳсү барларга кылмыш иштери козголуп, айыптоо чаралары кѳрүлѳ баштады. «Карга карганын кѳүзүн чукубайт» дегендей, убактылуу ѳкмѳтчүлѳр буга дейре бийликте болушкандыктан, Ош окуясы жабылуу аяк бойдон калып келген эле. Бүгүн президент С.Жапаровдун эрки менен июнь коогалаңына укуктук баа берүү, күнѳѳлүүлѳрдү жоопко тартуу чаралары башталды.
Ошол убактагы УКМКнын тѳрагасынын милдетин аткарып турган Кеңешбек Дүйшѳбаев да айыпталып, кылмыш иши козголду. Ал ѳзүнѳ тагылган айыпты «абсолюттук мыйзамсыздык, менин күнѳѳм жок, оппозициялык саясатчыларга басым жасалууда, күнѳѳсүз экеними далилдейм», - деди. Бизде кылмыш иши козголсо эле куугунтук, кысым, басым болууда деп тарпы чыккан «ырды» ырдай башташат. Ал эми мыйзамсыздык болууда дегенине дегеле кошулууга болбойт. Бүгүн Оштогу июнь окуясы боюнча мыйзамдуулук, чындык эми орун ала баштады. Буга чейин мыйзамсыздык болуп келгендиктен, ал окуяга күнѳѳлүүлѳр «суудан кургак чыгып келишкен». Эми мыйзам чегинде күнѳѳлѳрү үчүн жооп берүүгѳ мезгил келди.