Жыйында Бишкек шаарынын вице-мэри, муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин жана башка шаардык кызматтардын маалыматы угулду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өзүнүн Телеграм каналына билдирди.
Анда депутаттык комиссиянын чечимин жазды:

— Министрлер Кабинетине жана Бишкек шаарынын мэриясына курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдү инженердик-техникалык коммуникацияларга кошууга уруксат берүүгө тыюу салууну сунуш кылсын;

— турак жайларды, көп кабаттуу үйлөрдү курууга уруксат берүүнү токтотуу;

— көп кабаттуу үй курууга уруксат алуу менен Билим берүү, саламаттыкты сактоо департаментинен жана Жаратылыш министрлигинен макулдук алууга.

Буга чейин Бишкек шаарындагы башаламак курулуш иштери боюнча атайын комиссия түзүлгөн болчу.

Булак: reporter.kg