Кримчөйрөдө «Женго» каймана аты менен таанымал Кадырбек Досоновго таандык уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүт кармалды, деп билдирди УКМК.
Тактап айтканда, 21-майда К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун 3 мүчөсү: А.У.Т., М.у.М. жана Т.Ж.А. Тажикстан—Кыргызста — Өзбекстан эл аралык баңгизат каналына катыштыгы бар делип камакка алынган.
Алар — Ош облусунун тургундары, Тажикстан— Кыргызстан—Өзбекстан каттамы боюнча баңгизат каналын түзүшкөн деп шектелүүдө.
УКМК кызматкерлери шектүүлөрдү «Азия-Ойл» май куюучу жайынан кармашкан. Алардын «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаасынан 1 кг 980 грамм баңгизат (болжол менен гашиш) табылган.
Учурда кармалган жарандар Баткен шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Булак: Баракелде