УКМКнын мурдагы жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаевге 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча айып тагылды. Бул тууралуу 20-майда «Сводка АКИpress» редакциясына ал өзү билдирди.
Анын айтымында, ал Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 4-бөлүгү («Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен айыпталууда. Аны өлкөнүн аймагынан чыкпоо шарты менен бошотушкан.
«Мага бүгүн эртең менен айып тагылды. Менин билишимче, Бектур Асанов менен Исмаил Исаков да Башкы прокуратурада суракка алынган. Бардык айыптар негизсиз жана мыйзамсыз. Бизде корко турган эч нерсе жок, аягына чейин барабыз», - деди ал.
Дүйшөбаев Асанов экөө оппозицияда экенин белгиледи.
«Бул саясий кысым жана биздин оппозициялык ишмердүүлүгүбүздөн улам бизди куугунтуктоо аракети. Бул ошондой эле коомчулукту өздөрүнүн «косяктарынан» алаксытуу аракети — аларда каталар жана көйгөйлөр көп», - деп эсептейт Дүйшөбаев.
Кеңешбек Дүйшөбаев 2010-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматты жетектеп турган.
Исмаил Исаков Коргоо министрлигин жетектеп, ал эми Бектур Асанов Жалал-Абад облусунун губернатору болгон.
Булак: Баракелде