УКМКнын, анын төрагасы Камчыбек Ташиевдин аракеттерин батышчыл өңүткө бурууга аракеттенген россиялык маалымат каражатынын макаласы улуттук коопсуздук кызматынын ардагерлеринин да тынчын алууда. Ардагер Жеңишбек Качыкеев Ташиевди батышчыл кылган макаланы өлкөнүн ички саясатын туруксуздаштырууну каалаган топтун кылыгы деп эсептейт.
"Бул макала жана башка ушул сыяктуу пикирлер душмандык мүнөзгө ээ, Кыргызстан менен Россиянын стратегиялык, өнөктөштүк, достук мамилесине жарака кетирүүгө жасалган аракет. Аны менен катар ар кандай батышчыл күчтөрдү (бейөкмөттөрдү) жандандырып, алар менен байланыштагы биздин жарандарды каршылык акцияларды ж.б. Конституцияга каршы келген иштерди өткөрүүгө тукуруп жатат.
Эгемендүүлүк алган жылдар ичинде башында АКШ турган Батыш өзүнүн жеке кызыкчылыгын ишке ашыруу үчүн ар кандай уюмдарды түзүштү, алардын душмандык ишмердүүлүгү биздин атайын кызматка эчак белгилүү болгон. Профессионалдык тил менен айтканда, калыптанып калган резидентуралар НПОнун атына жамынып алышып, каршы аракеттерди жасап келишет. Бийлик түзүмдөрүнө чейин жайгашып алышкан "момолой чычкандардын" да иштегенине көп болду", - деди Жеңишбек Качыкеев.