Саламаттыкты сактоо министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлери бүгүн, 16-майда маалымат жыйынын өткөрүштү. Белгилей кетсек, учурда министр Алымкадыр Бейшеналиев Германияда. 

Министрдин орун басары баш болгон бөлүм башчылары жана катардагы кызматкерлер Алымкадыр Бейшеналиевдин министрдик этикага туура келбеген жоруктарын айтып беришти.

"Алымкадыр Бейшеналиев мени коркуткан, аны баары угушту. Ал мага ачууланып жатып, менин аялымды "братишкаларынын" колуна салып берээрин айтты. Мен анын орун басары болуп иштегениме бир жыл болду", - деди министрдин орун басары Улукбек Бектурганов. 

Ошондой эле, ал министрлик тууралуу терс маалыматтардын чыгышы жумушка терс таасирин тийгизээрин белгиледи. 

"Биз коронавирус каптап турган учурда күнү-түнү иштедик. Бирок ошол бардык эмгегибизди министрдин терс кылык-жоругу жууп кеткенсип жатты. Айтканы кылганына дал келбей, улам бир жеринен калпы чыгып жатканы баарына белгилүү. Ага мисал келтирейин, Казакстандан 500 миң доза вакцина келет деди, бирок Казакстандын саламаттыкты сактоо министри бул маалыматты төгүнгө чыгарды. Экинчиси Мар Байжиевдин уулу менен сүйлөшкөнүн, ал кишинин каза болуусунун себеби вакцина эместигин айтып чыккан. Бирок кийин Мар Байжиевдин уулу эмне дегенин уккансыздар. Ушул сыяктуу терс көрүнүштөр биздин ишке жолтоо болду", - деди министр. 

Андан сырткары, орун басардын айтымында, Алымкадыр Бейшеналиев аппарат кызматкерлеринин ортосуна от жагып, бирин экинчисине тукуруп, жумуштук атмосфераны оордотуп жиберген. Бирок ошого карабай, кызматкерлер министрликтин ичиндеги чырды сыртка алып чыкпайлы деп унчугушпай келишкен.