“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаттары Сүлүктү шаарындагы “Кольцо” транспорттук көзөмөл постунда болуп, ал тууралуу видео жарыялашкан. Анда айдоочулар посттон өтүү үчүн акча талап кылышаарын жана пост мыйзамсыз иштеп жатканын айтып, арызданышкан. Бирок УКМК видеодо айтылган фактыларды текшере келгенде, эч бири тастыкталган эмес. Ошондуктан, УКМК кыргызстандыктарды такталбаган билдирүүлөр менен коомчулукка дүрбөлөң салбоого чакырат.
УКМК тараткан маалыматта, аталган пост Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн тийиштүү чечими менен орнотулганы айтылат. Мындай посттор Баткен облусунун башка аймактарындагы автоунаа жолдорунда да бар.
"Эгер посттогу кызматкерлер өз кызыкчылыгы үчүн акча талап кылышса, анда жарандар УКМКнын Лейлек райондук же Баткен облустук башкармалыгына же прокуратурага арыз менен кайрылышса болот. Бирок ушул убакка чейин мындай маанидеги арыз түшпөгөн. Ошондой эле, кызматкерлер кызматтык күбөлүгү жок иштеп жатышат деген билдирүү дагы далилденген эмес.
Кулунду айылында Баткен облусунун губернатору, күч блогунун жетекчилиги жана “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаттары 250 чакты жергиликтүү тургундар менен жолугушкан. Анда дагы ушул маселе көтөрүлүп, бирок депутаттар дагы, жергиликтүү тургундар дагы айтылгандарды далилдей турган факты келтире алышпаган.
Видеодо пост кызматкерлерине нааразы болгондордун бири - Т.А. аттуу 1982-жылы туулган жаран, ал Кыргызстандын мыйзамдарын одоно бузуп, биздин продукцияларды Тажикстанга жеткирип жүрөт. Ушундай жарандардын айынан ички рыноктогу азык-түлүктөрдүн баасы көтөрүлүүдө.
Ал эми УКМКнын кызматкери депутат Адахан Мадумаровго өзүн тааныштарбаганынын себеби – аталган кызматкер оперативдүү кызматкери болуп саналат, анын үстүнө Мадумаров анын түз жетекчиси болуп эсептелинбейт.
УКМКнын кызматкерлери качышпаган, кызматтык милдетин аткаруу убагында болгондуктан өздөрү тууралуу маалыматты ачыкка чыгапып жибербөө үчүн четке басып кетишкен", - деп билдирди УКМК.