Ачыгын айтканда, Алексей Ширшов эгемен тарыхыбыздагы коррупциянын “символундай” эле болуп калган. Анын миллиондогон каражаттарды уурдап жүргөнү, колдонгон схемалары “ширшовдук схема” аталып, мамлекеттик кантип тоноо боюнча кылмышкерлерге колдонмо курал болуп калганы качан! Бирок, кайсы бийлик келбесин, Ширшов тез эле “ыгын таап”, жазалангандын ордуна ээн-эркин, “колуңардан эмне келет?”- дегенсип гүүлдөгөнү аңызга айланып, баары аны “непотопляемый” дей башташкан.

Садыр Жапаровдун жакшы жагы бар, ал чынында мамлекет үчүн күйгөн лидер болуп чыкты. Буга чейин мына “Кумтөрдү” кыргыз элине кайтаруу убадасында турду. Шайлоого баратып, коррупцияга каршы чечкиндүү күрөш боло турганын жар салды эле. Келгенинен бери бир эле УКМК линиясы боюнча 31 млрд сом жегичтерден өндүрдү, эгемендиктин 21 жылында коррупцияга каршы күрөштөн мынчалык каражат түшпөптүр.

Азырынча, “Дастан” ишканасынын мурдагы жетекчиси Алексей Ширшов “Аврора Плюс” эс алуу борборунун аймагындагы кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз жол менен чыгарып алуу фактысына байланыштуу 9-майда кармалды. Кылмыш ишинин алкагында бизнес өкүлдөрүнүн айрым мамлекеттик жана сот органдарынын кызмат адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп алып кылмыш жасаганы белгилүү болгон.

УКМК билдиргендей, Ысык-Көл райондук жана облустук, Бишкектин жана Чүй, Ысык-Көл облустарынын район аралык, Жогорку соттордун жана президенттин Иш башкармалыгынын, Мамлекеттик мүлк фондунун, Мамлекеттик каттоо кызматынын кызмат адамдары катышкан коррупциялык схема түзүлүп, кымбат баалуу 56 батир жана 27 коттедж жеке структуралардын карамагына өткөрүлгөн.

УКМК бул коррупциялык схеманы негизги уюштуруучуларынын бири Алексей Ширшов болгонун, бул топ мамлекеттик жана сот органдарындагы жогорку деңгээлдеги кызмат адамдарына акча жана кыймылсыз мүлк, анын ичинде “Аврора Плюстун” мүлкүнөн берип, алардын калкалоосуна ээ болгону тууралуу далилдер аныкталганын маалымдады.

УКМК бул коррупциялык схема аркылуу мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилгенин белгилеп, чогултулган далилдердин негизинде Алексей Ширшов Жазык кодексинин “Коррупция” беренесинин негизинде шектүү катары кармалганын жана атайын кызматтын тергөө абагына киргизилгенин, анын бөгөт чарасын сот аныктай турганын билдирди.

Президент Садыр Жапаровдун чечкиндүүлүгү, эрктүүлүгү болбосо Ширшов дагы да “кол тийгис” болуп кутура бермек. Ширшовдун кандай адам экенин баарыбыз билип калдык. Акаев заманынан бери отко салсаң күйбөй, сууга ыргытсаң чөкпөй келе жатат. Себеби, кайсы бийлик келбесин, чөнтөк толтурганды билген өз адамдары керек болот турбайбы! Ширшовду ушундай мааниде бийликке келген ар бир режим колдонуп жүргөн үчүн кол тийгис болду да. Азыр алар чет жакта ушул эле Ширшовдун да жардамы менен тапкан миллиондорго чардап жатышат.

Бирок, иш жүзүндө Ширшовдой чоң балыкты кармоо аздык кылат, аны кармаган соң, чыгарып жибербей, жазасын берүү иши турат. Президентке эми кыйын болот, “ширшовдук схема” менен байыган уурулар көп. Анын баары ага каршы чабуул коет. Ажо буларга туруштук берип, коркпой, Ширшовду жана анын “досторун” башкаларга сабак болгудай кылып жазалашы зарыл! Ошондо Садыр Жапаровдун рейтинги дагы да көтөрүлөөрү турган иш!

Булак: “Майдан.kg” гезити