"Мага чейинки министрлердин баары Сабырбек Жумабековдон коркуп жүргөн. Алар ага сөз да айталган эмес. Бир нерсе десе эле кызматтан алынып турган"- деп билдирген саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.  Ал спикер иниси Дастан Жумабеков аркылуу медицина кызматкерлерин коркутуп турганын айткан. Бирок, министрдин бул айтканы боюнча укук коргоо органдары териштирип, спикер кайсы министрди кысымга алганы боюнча коомчулукка билдирүү берген эмес. Эгер министр айткан маселе иликтенсе, кызмат абалынан  пайдалануу беренеси боюнча мурдагы төрага жооп берип калабы?


Булак: apta.kg