Сузак районундагы селден жабыркаган элге Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев жардам көрсөтүүдө. Бул тууралуу журналист Нургазы Анаркулов соцтармактагы баракчасына жазды:
"Буга чейин өздөрүн өтө жакшы иш кылып жаткандай сезген Temirov.live командасы иликтөө жасамыш болуп, УКМК төрагасынын уулу Тай-Мурас Ташиевди Жалал-Абаддан тендерлерди утуп жыргап жүргөндөй маалымат таркатышкан. Бул үч тендердин баарын бириктирип караганда, керектүү салык жана башка чыгашаларын чыгарып таштаганда тапкан пайдасы 9 миң сом. Ири мунай менен алектенип жүргөн компаниялар мындай майда, пайдасы жок тендерлерге катышпай коюшканда, мамлекеттик органдардын иши үзгүлтүккө учурабасын деп Тай-Мурас кызматташууга барган болчу.
Жаз келип, жаратылыш кырсыктары жүз берүүдө. Акыркы күндөрү Сузак районундагы катуу жааган жамгырдан кийинки селдин кесепеттерин жоюу иши колго алынууда. Айрыкча Барпы жана Аталык айыл аймактары селден катуу жабыркады. Жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткан үй бүлөлөргө жана селдин кесепеттерин жоюу боюнча иш алып бараткан өзгөчө кырдаалдар аскерлерине жардам колун дал ушул Temirov.live жар салып жаманаттаган Тай-Мурас Ташиев биринчи болуп кол сунду. Селден үй, короосу жабыр тарткан элге гуманитардык жардам жана калыбына келтирүү ишине катышып жаткан жүздөгөн адамдарга тамак ашын камсыз кылып берип, буга дээрлик 3 миллион сомдук каражатын жумшады. Карапайым адамдар ыраазычылык билдирип, ак батасын берип турган учур.
Эми суроо - мына ушундай жакшы иштерди темировчулар эмнеге чагылдырбайт? Анткени, алар өздөрүн чындык үчүн күрөшкөн адам катары көрсөткөнду жакшы көрөт эмес беле? Жок, булар мындай жакшы иштерди эч качан айтпайт. Анткени, бул сыяктуу долбоорлор бир гана максатты көздөйт - эл турмушуна бүлүк салуу. Батыштын берген акчасын акташы керек, а алар эч качан кыргыз эли өнүгүп өсүп кетишине каалабайт!
Ал эми Тай-Мурас Ташиевге Аллахым ыраазы болсун! Атанын уулу экен. Себеби, атасынын кичи мекенине жасагандай ишти башка бир дагы саясатчы өз аймагына жасаган эмес. Бул жагынан ата-баладан көптөру үлгү алса болот!"