Кечээ, 5-майда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Актам айыл аймагынын ДөбөКоргон жерлигиндеги кыргыз-өзбек чек арасында Өзбекстандын чек арачылары Кыргыз Республикасынын үч жаранына ок атышкан.

Анын кесепетинен 1974-жылы туулган А.К., 1998-жылы туулган А.Ж. жана 2000-жылы туулган А.Ж. жарадар болуп, Ала-Бука районунун ооруканасына жеткирилген. Бирок алар эсине келбей, каза болушкан. Окуянын чоо-жайын тактоо максатында Кыргызстандын Ала-Букадагы чек ара өкүлү Өзбекстандын Янги-Курган боюнча чек ара өкүлү менен жолугуп, тараптар ички иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча жолугушууну бүгүн, 6-майда улантууну макулдашкан.


Булак: Булак.кж