Ден соолукту чыңдоо Республикалык борбору жарандарды азык сатып алаарда этикеткасы менен таанышууга чакырды. Маалыматта айтылгандай, этикеткада азыктардын курамы, кандай кошумчалар кошулганы жазылат. Ошондой эле, азыктын баалуулугун, сактоо талабын жана өндүрүүчүнүн аталышын табууга болот.

 Ошондуктан, азык сатып алаарда таңгактын арт жагын караңыз. Ал жакта “азыктык баалуулугу” (пищевая ценность) деген бар. Түбүндө порциянын өлчөмү, энергетикалык баалуулугу, белоктор, майлар, углеводдор, шекер, тамак-аш буласы, натрий көрсөтүлөт.

Этикеткадагы азыктык баалуулук сатып алып жаткан азыгыңыздын канчалык пайдалуу экенин билдирет. Бирок эсиңизде болсун, абдан пайдалуу азыктардын айрымдары этикеткасыз сатылат, мисалы, жаңы бышкан мөмө – жемиштер, жашылчалар, бүтүн буудай наны, жаңгактар, жасмык, буурчак, жаңы эт жана балык.

Азык продукциясын өндүрүүчүлөр азыктын курамында эмнелер бардыгын ачык көрсөтүүгө милдеттүү. Этикеткада азыкка кошулган даамдар гана жазылат. Мисалы, кулпунай йогуртунда кулпунай болушу шарт.

“Курамдагы бардык азыктар өлчөмүнө жараша жазылат. Кайсынысы биринчи жазылса, ошонун өлчөмү көбүрөөк дегенди билдирет. Эгер тизмеде биринчи шекер жазылса, демек, бул негизги азык, колуңуздагы товар шекерге чыланып калган. Акырында жазылган ингредиенттин өлчөмү абдан эле аз”, - деп түшүндүрүшөт адистер.

Андан тышкары, этикеткада энергетикалык баалуулук, майлар, углеводдор, шекер жана натрий да жазылат дебедикпи. Аны жакшылап окуу менен ден соолукка бир топ пайдалуу азыкты тандай аласыз. Пайдалуу азык – майлар, натрий жана шекери аз, ал эми өсүмдүк буласы (клечатка) көп болгону.

 Эки продукцияны салыштырып жатканда, ар кандай кошулмалар порцияда эмес, 100 граммда экенине көңүл буруңуз. Ошондо, ар кандай товарларды салыштыруу оңой болот.

Белгиленген калория, май, кант жана туз эмнени билдирет? Энергетикалык баалуулук (кДж) менен берилет. Майлар, белок, углеводдор организмди энергияга толтурат, жашоого керектүү заттарды берет. Окшош товарларды салыштырып жатканда, калория кайсынысында аз болсо, анда майлар же кант аз кошулганын билдирет, көпчүлүк адамдар үчүн ушул нерсе керек.

Көңүл буруңуз! Өндүрүүчүлөр азыктагы майларды, кантты же тузду ар башка аталыш менен жазышы мүмкүн. Башкача айтканда, бул кошулмалар ингредиенттердин тизмесинде жашыруун берилет. Бирок канчалык жашырышпасын, майлар, кант жана туз көп кошулган азыктын пайдасы аз болоору чындык.

 Майларды уйдун майы, каймак май, кондитердик май, кокос же пальма майы, каймак, сало, майонез, сметана, өсүмдүк майы, гидрогенделген май, кургак сүт, моно -, ди- и триглицериддер деп көрсөтүшөт.

А кант үчүн төмөнкү аталыштар пайдаланылат: күрөң шекер, жүгөрү сиробу, декстроза, дисахарид, фруктоза, глюкоза, бал, жемиш ширесинин концентраты, ачык сироп, жемиш сиробу, лактоза, солод, мальтоза, маннит, клен сиробу, патока, моносахариддер, сахар-сырец, сорбитол же ксилит.

Туз болсо көптүргүч (разрыхлитель), күчөткүч, майдаланган сельдерей менен туз, сарымсак менен туз, натрий, эт же ачыткы экстракты, пияз тузу, глутамат натрий, таш туз, деңиз тузу, натрий бикарбонаты, натрийдин метабисульфити, натрийдин нитраты, бульон кубиктери болуп “жашынат”.

 Ал эми сактоо мөөнөтү жана пайдалануу мөөнөтү эки жылдан аз убакытка берилген азыктарга жасалган күнү сөзсүз көрсөтүлгөн. Мөөнөтү өткөн азыктар же ден соолукка зыяндуу болот же даамын жоготот.

 Пайдалануу мөөнөтү эт, балык жана сүт азыктары сыяктуу тез бузулчу азыктарда жазылат. Буларды мөөнөтү өткөндөн кийин сатууга тыюу салынат.

Сактоо мөөнөтү – мында мөөнөтүнөн өткөн азыктар ден соолукка зыянын тийгизбейт, бирок даамын жоготот дегенди билдирет.