КР Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жооптуу адамдары тарабынан тоо тектеринин калдыктарынын төлөмдөрүн азайтуу боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгынын мурдагы директору А.К. айып коюлган. Ал “Алтын-Кен” ЖЧКсы жана башка жооптуу адамдар менен сүйлөшүп алуып, тоо тектеринин калдыктары үчүн мамлекеттик бюджетке төлөнүүчү төлөмдүн көлөмүн системалуу түрдө азайтып жүргөн деп шектелүүдө.
Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында жалпы суммасы 149 млн 585 миң сомдук зыян келтирилгени аныкталган. Бул сумма 2022-жылдын апрель айында “Алтын-Кен” ЖЧКсы тарабынан мамлекетке төлөнүп берилди.