Укугун билип, милдетин унуткан айрым депутаттар бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкуловду сынга алышты.
Данияр Жаныкулов Араван районундагы Алля Анаров айыл өкмөтүндөгү 300 гектар жер чет өлкөлүктөргө ижарага мыйзамсыз берилип кеткени боюнча текшерүүнүн жыйынтыгын Ютубга жарыялаган. Анда айыл өкмөттөгү мыйзамсыз иштер ачыкталып, жиптин учу учурда ЖК депутаты, ага чейин аталган айыл өкмөтүн жетектеген Жалалидин Нурбаевге барып такалаарын билдирген. Ижарага берүүдө бир да документ туура түзүлбөгөнү, ижара акысы да убагында төлөнбөгөнү белгилүү болгон. Бул фактылардын негизинде, депутаттын мыйзамсыз иш аракетине баа берүү үчүн текшерүү жүргүзгөн тарап президентке, Министрлер Кабинетине, Башкы прокуратурага кайрылуу жолдоого даярданып жатышканы айтылууда. Текшерүү жергиликтүү элдин арызы, суранычы менен жүргүзүлгөнүн белгилей кетели.
Нурбаевдин былыктарынын ачыкталганы айрым депутаттарды нааразы кылды. Мисалы, Акылбек Түмөнбаев муну "көрө албастык" катары баалады. Анын пикиринде, Нурбаев элди жумуш менен камсыз кылып жатканына Жаныкуловдун ичи тарып, такталбаган маалыматтарды таратып жатыптыр.
Данияр Жаныкулов облус жетекчилиги тарабынан жүргүзүлгөн расмий текшерүүнүн жыйынтыгын ачыкка чыгарды. Демек, мында такталбаган маалымат болушу мүмкүн эместигин Түмөнбаев түшүнгөн жок.
Дагы бир депутат Өмүрбек Бакиров Нурбаевдин элдин өкүлү экенине басым жасады. Анын оюнда, депутат болуп шайланса эле, мурда-кийин жасаган кылмыштары унутулуп калышы керек экен. "Депутаттык комиссия түзүп, маселени карап чыксак. Эгерде айтылгандар жалган болсо, депутатка айып коюп жаткан адамдын жоопкерлигин карап чыгуу зарыл", - деди Бакиров.
Нурбаевге жалган айып коюуда Жаныкуловдун кандай кызыкчылыгы болушу мүмкүн? Буга чейин айыл өкмөтүн жетектеген, өткөн жылдагы парламенттик шайлоодо бир мандаттуу округдан шайланып келген депутат жалган каралоого кабылгандай салмагы ошончолук чоңбу? Же эл өкүлү дегенди тегерете укукка курчалган, бирок кымындай милдети жок деп түшүнүшөбү?
Жалилидин Нурбаев айыл өкмөт башчы болуп турганда жерлер гана мыйзамсыз ижарага берилбестен, майлуу орундардын баарын тууган-туушкандарына устукан бөлүп бергенсип бөлүштүргөнү, ашыкча чыгымдарга барганы да ачыкталган. Акылбек Түмөнбаев айткан "Нурбаевдин элди жумуш менен камсыз кылганы" ушул окшойт. Кыязы, Түмөнбаев элди камсыз кылуу менен тууган-туушканды камсыз кылуунун айырмасы болоорун билбесе керек.
Депутаттардын Кыргызстандын мыйзамды карманган өлкөгө айлануусуна салымын кошуп жаткан президенттин өкүлүнүн орун басарын колдоого алгандын ордуна, былыктары чубалган Нурбаевди жактап чыгышканы таң калыштуу эмес. Өздөрүнүн да кыңыр иштери бар болгондуктан, "бирөө баары үчүн, баары бирөө үчүн" принцибин азыртан карманып башташты.