Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргыз автобекети» мамлекеттик ишканасынын бүгүнкү күнгө карата карызы 9 млнго жетти. Бул тууралуу «Кыргыз автобекети» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Темирбек Анаркулов Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, аталган ишкана 2017 -жылы түзүлгөн, андан бери бардык автобекеттерди оңдоп-түзөө иштерине 135 млн сом каржылаган.
«Ишкана түзүлгөндөн бери 2017-жылы жалпы киреше 78 млн сом болсо, 2019-жылга чейин 95 млн сомго чейин көбөйгөн. Ал эми пандемияга байланыштуу 42 млн сомго, башкача айтканда 50%га төмөндөгөн. 2021-жылы кирешеси 70 млн болуп, башкача айтканда 130 %га көйбөйдү», -деди ал.
Ошондой эле ал ишкананын каржылык көйгөйлөру бар экендигин белгилеп, Салык жана Соцфондго карыз экендигин белгиледи.
«Жалпы 9 млндой карызыбыз бар. Азыр кирешенин 50%ы мамлекеттик мүлк фондуна которулат. Ал эми арендага алынган имаратка 30%ы кетет. Ошондуктан мүмкүн болсо, бизди 2-3 жылга бошотуу боюнча жардам берсеңиздер, карыздарыбыздан кутулуп алат элек» , — деди Анаркулов.
Булак: Маралфм